AVN

Квалификация алдындагы практиканын жыйынтыктоочу онлайн конференциясы

Квалификация алдындагы практиканын жыйынтыктоочу онлайн конференциясы
 Apr 26, 2020  617

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогика жана маалымат технологиялары факультетинин профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын «Социалдык иш» багытында окуган СКк-1-16 тайпасынын квалификация алдындагы практикасынын жыйынтыктоочу онлайн конференция уюштурулду.

Конференцияга университеттин Өндүрүштүк практика бөлүмүнүн башчысы Н.С. Жолдошалиева, кафедра башчысы, ф.и.к., доцент Г.Т. Токтогулова, окутуучулар Куванычбек кызы А., Н.С. Алдозова жана СКк-1-16 тайпасынын студенттери катышты.

Онлайн конференцияны кафедранын практика боюнча жоопту окутуучусу Ы.М. Кожоназарова уюштурду.

СКк-1-16 тайпасында 13 студент окуйт, алар Жалал-Абад шаардык мэриясында, Жалал-Абад шаардык социалдык фонд, Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарында, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүндө жана Сузак райондук социалдык фонд башкармалыгында 2-марттан 28-мартка чейин квалификация алдындагы практикасын өтөшкөн.

  • Квалификация алдындагы практиканын жыйынтыктоочу онлайн конференциясы