AVN







КАРАЙЛАТКАН КАРЫЛЫК

КАРАЙЛАТКАН КАРЫЛЫК
 Nov 27, 2017  1054

ЖАМУнун Медициналык колледжинин студенттери “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды коргоонун Эл аралык күнүнө”  карата шаардын аймагындагы улгайган адамдарга жардам көргөзүштү. Карылыкка моюн сунуп, өз алдынча эшикке чыга албай калган чоң апа-чоң аталарга азык-түлүк жеткирип беришкен. Аткарылган жардамдын максаты жаштарды мээримдүүлүккө  үндөө экенин айтат уюштуруучулар.

Алардын айтымында бул жолу жалпы 10 үй-бүлөгө азык жеткирилген. Мындай саамылык бул менен эле токтоп калбайт. Алдыда дагы аярлуу катмардагы жарандарга да көмөк көргөзүү тилектери бар экенин билдиришти.

Эске салсак,  шаардык мэрия тарабынан  2017-жылдын 15-ноябрынан 15-декабрга чейин “Биз баарыбыз теңбиз” аталыштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды колдоонун жана мээримдүүлүктүн бир айлыгы жарыяланган.  Ошондой эле 2012-жылдан бери 3-декабар жыл сайын Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун Эл аралык күнү катары белгиленип келет.  

  • КАРАЙЛАТКАН КАРЫЛЫК
  • КАРАЙЛАТКАН КАРЫЛЫК
  • КАРАЙЛАТКАН КАРЫЛЫК
  • КАРАЙЛАТКАН КАРЫЛЫК