AVN







МАССАЛЫК ТҮРДӨ КИЙИМ ДАЯРДОО ҮЙРӨТҮЛДҮ

МАССАЛЫК ТҮРДӨ КИЙИМ ДАЯРДОО ҮЙРӨТҮЛДҮ
 Apr 26, 2020  607

Жалал-Абад колледжинин тигүү буюмдарын конструкциялоо адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы онлайн түрүндө болуп өттү. Мындай маалыматты тигүү буюмдарын конструкциялоо ПЦКсынын башчысы Канышай Мырзабаева кабарлады.

К. Мырзабаеванын айтымында студенттер карантин башталганга чейин практикасын аякташкан. Шаардын аймагында жайгашкан тигүү ишканаларга практикага бөлүнүшкөн.

Ал эми онлайн конференцияда студенттер массалык өндүрүштө кийим даярдоонун усулдарын мыкты өздөштүрүүгө шарт түзүлгөнүн жетишкендиктери катары билдиришти. Аны менен катар эле, жол карта менен ишкананын талаптары бири-бирине толук кандуу дал келбегенин айтышты. Антеса да практика учурунда теориялык үйрөнгөн билимдерин пратика түрүндө бышыктап, билим денгээлдерин жогорулатууга үлгүрүшкөнүн кошумчалашкан студенттер.

  • МАССАЛЫК ТҮРДӨ КИЙИМ ДАЯРДОО ҮЙРӨТҮЛДҮ
  • МАССАЛЫК ТҮРДӨ КИЙИМ ДАЯРДОО ҮЙРӨТҮЛДҮ