AVN







”Абу Насыр Ал-Фарабинин мурасы жана азыркы заман” аталышындагы эл аралык илимий онлайн конференциясы

”Абу Насыр Ал-Фарабинин мурасы жана азыркы заман” аталышындагы эл аралык илимий  онлайн конференциясы
 Apr 25, 2020  518

Учурдагы кырдаалга карабастан Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окуу процесси менен бирге илимий иштер да өз нугунда жүргүзүлүүдө. ЖАМУнун профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы кафедрасынын профессору, философия илимдеринин доктору Токоева Гулдана Самидиновна 2020-жылдын 22-апрелинде Казакстан Республикасынын улуттук академиялык китепканасы тарбынан Абу Насыр Ал-Фарабинин 1150 жылдыгына карата уюштурулган “Абу Насыр Ал-Фарабинин мурасы жана азыркы заман” аталышындагы эл аралык илимий онлайн конференцияга катышты. Конференцияга Тажикстан, Туркия, Сирия, Италия Казакстан ж.б. мамлекеттерден окумуштуу изилдөөчүлөр, тарыхчылар, философтор, филологдор катышты. Г.С.Токоева Ал-Фарабинин дүйнөтаанымындагы адам маселесине байланыштуу жана орто кылымдагы маданияттын жана илимдин өнүгүшүнө кошкон Чыгыш ойчулдарынын көз карашына талдоо жүргүзгөн баяндама жасады. Конференция онлайн форматында өтүп окурмандардын жана катышуучулардын кызуу талкуусу менен коштолду.

  • ”Абу Насыр Ал-Фарабинин мурасы жана азыркы заман” аталышындагы эл аралык илимий  онлайн конференциясы