AVN







КОРОНАВИРУСТУН КЕЛИП ЧЫГЫШЫ ЖАНА АНДАН САКТАНУУ ЖОЛДОРУ

КОРОНАВИРУСТУН КЕЛИП ЧЫГЫШЫ ЖАНА АНДАН САКТАНУУ ЖОЛДОРУ
 Apr 23, 2020  598

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин «госпиталдык терапия» кафедрасынын 6-курсунун студенттери «Коронавирустун келип чыгышы жана андан сактануу жолдору» деген темада онлайн конференция уюштурушту. Бул туралуу аталган кафедранын окутуучусу Венера Орунбаева билдирди.

«Күтүүсүз өтө тездик менен калын элге жайылып жаткан илдет ар бир инсанды ойго салууда. Анын катарында келечектин өмүр сакчылары болгон биздин студенттер да түйшөлүп, эл-журтка кандай жардам берүү керек, канткенде сактана алабыз? – деген суроолорду коюуп, анын үстүндө иштешүүдө. Бир катар видео конференцияларды уюштурушуп, окутуучуларга өз сунуштарын билдиришүүдө» – дейт В. Орунбаева

Бардык эле жугуштуу орулардан сактануу үчүн ар бир жаран өздүк гигиенаны туура сакташ керек. Бул ыландан да тазалык жана тартип менен сактанууга болот деген сунуштарын студенттер билдиришти. Ошондой эле, бүтүрүүчүлөр мамлекеттик сынактарга да кызуу даярданып жатышкандарын кошумчалады.