AVN







Өндүрүштүк практиканын жыйынтыктоочу онлайн конференциясы

Өндүрүштүк практиканын жыйынтыктоочу онлайн конференциясы
 Apr 23, 2020  629

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономикалык-юридикалык факультетинин окуу планы жана окуу процессинин графигине ылайык «Экономика, эсеп жана каржы» кафедрасынын ФКк-1-17 тайпасынын студенттери өндүрүштүк практиканы жыйынтыктоочу онлайн конференция өткөрүштү.

Конференцияга аталган кафедранын окутуучулары Н.Ражабалиева жана Н.Мусакулов, ЖАМУнун карьера бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошалиева катышышты. Конференцияда студенттер өздөрүнүн практика өтөөгө бөлүнгөн мекемелери боюнча маалыматтарды беришти, практика учурунда үйрөнгөн жана аткарган жумуштары жөнүндө ой бөлүшүп, суроо-жооптор болду.

Жогорудагы тайпанын студенттери облустук ички иштер бөлүмүнө, салык салуу башкармалыгына, жана башка карантинге чыкпаган ишканаларга бөлүнгөндөрүнө байланыштуу практикаларын толук кандуу өтөшкөн. Айрымдары областтык статиска башкармалыгында өндүрүштүк практикаларын өтөшкөндүктөн эл каттоо ишине катышкандыктарын билдирди тайпанын практика жетекчиси.

Кырдаалга жараша ФКк-1-17 тайпасынын студенттери өздөрүнүн практика боюнча отчетторунун электрондук варианттарын жобого ылайык даярдашып ЖАМУнун AVN системасы аркылуу жетекчилерине жиберишип, жетекчилери маалыматтарды баалашты – дейт онлайн конференциясынын уюштуруучусу, факультеттин практика боюнча жооптуусу Назира Ражабалиева.