AVN







ОНЛАЙН САБАКТАР ЖӨНҮНДӨ

ОНЛАЙН САБАКТАР ЖӨНҮНДӨ
 Apr 23, 2020  710

Медицина факультетинин “морфологиялык дисциплиналар” кафедрасы өлкөбүздөгү коронавируска каршы өзгөчө кырдаал учуру жарыяланганына байланыштуу, студенттерге билим берүүнү аралыктан жүргүзүп жатат. Бул иш чара КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген буйруктун негизинде кафедра башчынын көзөмөлүндө ишке ашууда. Мындай маалыматты аталган кафедрадан кабарлашты.

Окутуучулар жамааты AVN билим берүү порталы аркылуу жеке кабинетинде лекциялык материалдарды, практикалык жана лабораториялык иштерин жүктөп, студенттерге маалыматтарды жеткирүүдө. Окуу порталына кошумча, социалдык түйүндөр ( Whatsapp, Facebook, Telegram), Zoom, Google Duo сыяктуу видео сабактарды өткөрүүнүн программаларын пайдаланып студенттер менен байланыш түзүлүүдө. Бул программалардын өзгөчөлүгү окутуучу менен студенттердин жүзмө жүз отуруп баарлашып сабак өтүүсүндө. Окутуучулар электрондук группаларды түзүшүп, студенттерге керектүү материалдарды жиберип, анын негизинде кайтарым байланыштар ишке ашырылууда. Студенттер айылда же шаарда болбосун, онлайн окутуу баарына бирдей жеткиликтүү болууда. Ошондой эле кафедранын жумалык онлайн жыйыны дагы ийгиликтүү ишке ашырылып жатат.

  • ОНЛАЙН САБАКТАР ЖӨНҮНДӨ
  • ОНЛАЙН САБАКТАР ЖӨНҮНДӨ
  • ОНЛАЙН САБАКТАР ЖӨНҮНДӨ
  • ОНЛАЙН САБАКТАР ЖӨНҮНДӨ