AVN







ОРОЗО АЙТЫНЫЗДАР МААРЕК БОЛСУН!

ОРОЗО АЙТЫНЫЗДАР МААРЕК БОЛСУН!
 Apr 22, 2020  1350

Урматтуу кесиптештер жана студенттер, кадырлуу мусунман бир туугандар! Сиздерди айлардын султаны болгон ыйык Рамазан айынын кирип келиши менен куттуктайм!

Улуу Рамазан айы тазалануунун, кечиримдүүлүктүн,боорукерликтин жана айкөлдүктүн айы болуп саналат. Калкыбыз эзелтеден улуусун урматтап, кичүүсүн ызаатап аздектеген улуу элбиз. Ата-энесин урматтап, ар-намысты туу туткан даанышман элибизде жакшылыктын нуру ыроолоп, жаштарыбыздын алган билимдери мамлекетибиздин эртенки бакубат жашоосун мындан дагы жакшыртсын. Окуу жайыбыз келечектин ээлерин даярдаган билимдин очогу болуусуна тилектешмин. Жалпыбыз жеке эле Рамазан айында эле эмес, дайыма ынтымакта, биримдикте бололу.

Орозо кармоону ниет кылган бардык кесиптештеримдин, мусулман бир туугандарымдын кармаган орозолору кабыл болсун, тилеген тилектери, ой-максаттары орундалсын. Куттуу Рамазан айын күтүп алууну баарыбызга Жаратканым насип кылсын!

Учурда түзүлгөн оор кырдаалга карабастан жаштарга аралыктан билим берип, ак эмгегиниздерди арнап жатасыздар. Бир жакадан баш – бир женден кол чыгарып, биримдикте бул илдетти женебиз. Баарыныздардын үй-бүлөнүздөргө бакубат жашоо, бейпил турмуш жана ар бириниздерге бекем ден соолук тилейм!

Сиздерди урматтоо менен ЖАМУнун ректору Кенешбек Усенов!