AVN







ЖАМУ 750 ҮЙ-БҮЛӨГӨ ЖАРДАМ БЕРДИ

ЖАМУ 750 ҮЙ-БҮЛӨГӨ ЖАРДАМ  БЕРДИ
 Apr 21, 2020  1214

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жетекчиси Кенешбек Усенов баштаган эмгек жатааты жана студенттер менен биргеликте Жалал-Абад шаарында жашаган 750 муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк салынган баштыкчаларын таркатып беришти.

ЖАМУнун ректору Кенешбек Усенов «Күнүмдүк тамак-ашка колдонуучу азык-түлүктөрдөн картошка, пияз, сабиз, кумшекер, ун, май жана макарон салынган баштыктар колдоого муктаж үй-бүлөлөргө берилди. Шаардык мэрия тарабынан атайын жардамга муктаж 750 жарандардын тизмемси алынып, жалпы 700 мин сом өчтөмүндөгү каражатка азык-түлүк сатылып алынган. Бул менен эле чектелип калбайбыз, биримдик жана ынтымак менен ооруну женебиз» - деген оюн жарандар менен жолугушуу учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эмгек жамааты бир күндүк эмгек акысын COVID -19 вирусу менен күрөшүү фондуна 450 мин сом акчалай каражат бөлүп берген. Андан сырткары чет элдик студенттер тарабынан 100 мин сом Жалал-Абад шаардык мэриясынын казынасына жардам катары берилген.

 

  • ЖАМУ 750 ҮЙ-БҮЛӨГӨ ЖАРДАМ  БЕРДИ
  • ЖАМУ 750 ҮЙ-БҮЛӨГӨ ЖАРДАМ  БЕРДИ
  • ЖАМУ 750 ҮЙ-БҮЛӨГӨ ЖАРДАМ  БЕРДИ
  • ЖАМУ 750 ҮЙ-БҮЛӨГӨ ЖАРДАМ  БЕРДИ
  • ЖАМУ 750 ҮЙ-БҮЛӨГӨ ЖАРДАМ  БЕРДИ
  • ЖАМУ 750 ҮЙ-БҮЛӨГӨ ЖАРДАМ  БЕРДИ
  • ЖАМУ 750 ҮЙ-БҮЛӨГӨ ЖАРДАМ  БЕРДИ