AVN







КУРГАК УЧУК ООРУСУНАН ООЛАК БОЛ

КУРГАК УЧУК ООРУСУНАН ООЛАК  БОЛ
 Nov 24, 2017  1150

ЖАМУнун медициналык колледжинде кургак учукка каршы көрөшүү боюнча иш-чара болду.  Учурдун көйгөйлүү ооруларынын бири болуп саналган өпкө оорусу тууралуу атайын адистер тарабынан маалыматтар берилип, алдын алуу жолдору тууралуу сөздөр айтылды.

Бул иш-чара “Кургак учукту биргеликте жеңебиз” ураанынын алдында мед колледждин жамааты тарабына уюштурулган.

Катышуучуларга түшүндүрмө берген дарыгер Бүмайра Мажиева буларга токтолду. “Адам баласы бардык оорунун алдын алса болот. Ал үчүн жеке гигиенаны сактап, туура тамактануусу керектелет. Ал эми кургак учук оорусу боюнча айтсам, бул жугуштуу оору адамдарга дем алуу жолу аркылуу жана оорулуу адам колдонгон идиш-аяктан башкаларга өтөт.  Көпчүлүк жарандар өпкө дартын даарыласа болбойт деген ойду карманып, оорулууга коомдо туура эмес мамиле жасалып келет. Бирок, бул оору дарыласа толук айыгып кетет. Дегеле жарандар дартка кабылбаш үчүн туура тамактанып, иммунитетин көтөрүп  жана тазалыкты сактоо керек. Ошондой эле убагында дарыгерлерге кайрылса, дарыгер туура аныктама берсе бул оорунун алдын ала алабыз”.

Бардык ооруга кайдыгер карабастан убагында доктурга кайрылып турсак оорудан оолак болоорубуз ачык. Тилекке каршы убагында жардам албай, кургак учук менен ооруган адамдар деле коомдо ээн эркин жүрүп башкаларга жугузган учурлар болот. Дени сак улут болсо, дени сак мамлекет болот.