AVN







ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ОНЛАЙН КОНФЕРЕНЦИЯ

ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ОНЛАЙН КОНФЕРЕНЦИЯ
 Apr 17, 2020  667

Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономикалык-юридикалык факультетинин «Экономика, эсеп жана каржы» кафедрасынын ФКк-1-16 тайпасынын студенттери менен квалификациялык иштин алдындагы жыйынтыктоочу практика боюнча онлайн конференция өткөрүштү. 
Конференцияга аталган кафедранын э.и.к., доцент А. Карбекова, доц. м.а. Г.Жамашева, ЖАМУнун карьера бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошалиева, факультетте практика боюнча жооптуу окутуучу  Н. Ражабалиева катышышкан.
Анда студенттер өздөрүнүн практика өтөөгө бөлүнгөн мекемелери боюнча маалыматтарды беришти, практика учурунда үйрөнгөн жана аткарган жумуштары жөнүндө ой бөлүшүп,  суроо-жооптор болду. 
Кырдаалга жараша студенттер отчетторунун электрондук варианттарын AVN системасы аркылуу жетекчилерине жиберишим, жетекчилери маалыматтарды баалашты – дейт онлайн конференциясынын уюштуруучусу Азиза Карбекова.

 

  • ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ОНЛАЙН КОНФЕРЕНЦИЯ
  • ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ОНЛАЙН КОНФЕРЕНЦИЯ