AVN







ПСИХОЛОГДОР ЖАРДАМ БЕРЕТ……

ПСИХОЛОГДОР ЖАРДАМ  БЕРЕТ……
 Apr 17, 2020  681

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин психологдору жарандарга онлайн жардам берүүгөө даяр экенин билдиришти.

Өлкдөгү болуп жаткан кырдаалга байланыштуу санаа тартып, дүрбөлөнгө түшкөн тургундарга ЖАМУнун психологдору онлайн түрүндө психологиялык көмөк көрсөтүүгө даяр! Азыркы убакта жашоо-турмуштун оорлошу менен ар бир үй-бүлөдө бирин-бири түшүнбөөчүлүктөрдөн жана чыр-чатактардан көйгөйлөр жаралууда. Натыйжасында жарандарыбыз депрессияга, стреске кабылып, психологдун кенешине муктаж болуп жатышкандары маалым.

Сизге же сиздин жакындарынызга психологиялык жардам керек болсо саат 10:00дөн кечки 17:00гө чейин ватсап, messenger социалдык байланыштар аркылуу психологдор менен байланыша аласыз. ЖАМУнун психологдору жалпы жарандарга, окуучулар, студенттер жана ата-энелерге кыргыз, орус жана өзбек тилинде кенеш беришет.

Психологдор менен төмөнкү телефон номерлери аркылуу байланышууга болот:

Тажибаева Жаркын – 0777543782

Темирбаева Гулзад – 0773967436

Маатазимова Гулзат – 0772230096

Досалиева Мунай – 0771009171

Жумабаева Дарья – 0771088649