AVN







Жалал-Абад колледжинде аралыктан окутуу ийгиликтүү жүрүүдө

Жалал-Абад колледжинде аралыктан окутуу ийгиликтүү жүрүүдө
 Apr 13, 2020  1590

Өлкөдөгү билим берүү процессинин жана ЖАМУдагы окуу процессинин агымында Жалал-Абад колледжинде да окуу процесси аралыктан окутуу алкагында жүрүп жатат. Анда окутуучулар менен студенттер тынымсыз дистанттык формада байланышып, окуу процесси үзгүлтүккө учураган жок. Ага, Усенов Кеңеш Жумабекович баш болгон ректорат жана ЖАМУнун “Маалымат технологиялары жана компьютердик техникаларды тейлөө” бөлүмүнүн башчысы Термечикова Алтынкан Мамытовна, окуу бөлүмүнүн башчысы Сакбаева Зулфия Исраиловна баш болгон адистер шарт түзүп берүүдө. Тактап айтканда, AVN порталын жана Келбил тиркемелерин ыңгайлаштырып, андагы окуу процессине керектүү бөлүктөрдү, иштелмелерди порталга жайгаштырып, керектүү иниструкцияларды берип жатышат.

Ал эми бул учурда Жалал-Абад колледжинин директору Турдубаева Бариса Майлыевна баш болгон окутуучулар тынымсыз эмгектенишип, чыгырмачылык менен сабактарын өтүүдө.

Атап айтсак:

  1. ЖАКтын директору Б.М.Турдубаева аралыктан окутууну уюштуруу боюнча онлайн конференция уюштуруп, тишелүү бөлүм башчыларына ишти жүргүзүүгө карата нускмаларды берип жатат.

  2. ЖАКтын окуу иштери боюнча директордун орун басары А.Т.Маматумаров аралыктан окутуу маселелери жана АВН порталында иштөө, видео сабактары даярдоо боюнча видое нускамаларды даярдап, окутуучуларга жеткирүүдө.

 

 

 

Аралыктан окутууда видео сабактарды даярдоо боюнча Нурматова Майрам, Мусакулова Назгүл, Калдарова Динара, Омуралева Мухабат, Анвар кызы Гулбу, Кулушев Каныбек, Сыдыков Улан, Акматбеков Мар агай-эжекелер сап башында турушуп, сабактарды АВН порталына жана YouTube каналага жүктөөдө.

 

Онлайн сабактарды уюштурууда Таштанова Кайринса,Айылчиева Назгул, Нурматова Майрам эжекелер Zoom программасы аркылуу студенттер менен тыгыз байланышып, окутуучуларга үлгү көрсөтүүдө. Аралыктан окутууда жалпы ЖАКтын эмгек жамааты окуу материалдарды даярдашып, АВН порталына жана ЖАКтын YouTube каналына ж.б. социалдык тармактарга жайылтууда.