AVN







ЖАМУдан жардам

ЖАМУдан жардам
 Mar 31, 2020  1004

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети 450 000 сом акчалай каражат коронавирус менен күрөшүү фондуна которду. ЖАМУнун ректору, тех. илимдеринин доктору, профессор Усенов Кенешбек Жумабековичтин айтымында,  кызматкерлер жамааты менен кеңешип, алардын макулдугу менен жалпы кыргыз элин колдоо максатында бир күндүк эмгек акыбыз аталган фондго которулду. 
"Кыйын кырдаал башка түшкөн кезде бир муштумдай биригип, ынтымак жана сабырдуулук менен илдетти жеңебиз. Жалпы кыргызстандыктарга ден соолук каалайм!" - деген тилегин билдирди.