AVN







ЖАШТАР ЖУМАЛЫГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

ЖАШТАР ЖУМАЛЫГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
 Nov 22, 2017  1826

ЖАМУнун чоң жыйындар залында 1-курстун студенттерин кабыл алуу аземи болду. Аны менен катар эле Жалал-Абам мамлекеттик университетинин  Жаштар комитети шаардык деңгээлде уюшулган Жаштар жумалыгынын жыйынтыгы чыгарылды. Салтанаттуу кечеге университеттин окутуучулук курамы жана студенттер күбө болушту.

ЖАМУнун ректору, профессор Кеңешбек Усенов – Биздин университет уникалдуу деп айтсам болот, ошого жараша студенттер да ар тараптуу. Республикалык фестивалдарда, маданий интеллектуалдык чөйрөлөрдү биздин студенттер алдынкы оорундарды ээлеп келишет. Биз алар менен сыймыктанабыз. Урматтуу биринчи курстун студенттери биздин университетке куш келипсиздер, биздин мугалимдерге ишенип, бизден билим алууну каалаганыңар үчүн рахмат. Эң туура тандоо жана туура чечим. Талыкпастан билим алып, келечекте мыкты инсан, кесипкөй адис болуп чыгаарыңарга ишенем – деди ректор.

Ошондой эле Жаштар жумалыгынын алкагында бир жума бою ар түрдүү маданий жана интеллектуалдык иш-чаралар өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгы чыгарылып, мыкты катышуучуларга громаталар тапшырылды. Иш-чаранын жүрүшүндө 1-курстарга студенттик билеттер тапшырылып, алар ант беришти. Андан сырткары концерттик программа тартууланып, жаштарга дискотека уюштурулган

  • ЖАШТАР ЖУМАЛЫГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • ЖАШТАР ЖУМАЛЫГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • ЖАШТАР ЖУМАЛЫГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • ЖАШТАР ЖУМАЛЫГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • ЖАШТАР ЖУМАЛЫГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • ЖАШТАР ЖУМАЛЫГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • ЖАШТАР ЖУМАЛЫГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • ЖАШТАР ЖУМАЛЫГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ