AVN







ЖАМУДА ДЕЗИНФЕКЦИЯЛОО ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

ЖАМУДА ДЕЗИНФЕКЦИЯЛОО  ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
 Mar 16, 2020  815

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад  мамлекеттик университетинде окуу корпустары, жатаканалары жана ашканалары дизинфекцияланды. Мындай маалыматты окуу жайдын административдик чарба иштери боюнча проректору Салмоорбек Уметов кабарлады.

Маалыматка ылайык, КРнын Коопсуздук кеңешинин чечимин,  Билим берүү жана илим министрлигинин №282/1 буйругун ишке ашыруу максатында 14-март күнү административдик жана окуу корпустарын дезинфекциялоо иштери  башталган.  Шаардык санэпидемстанция менен кошумча келишим түзүлүп, жогорудагы иштер  аткарылды. Алдыда дагы тийиштүү чаралар көрүлөөрүн айткан проректор.

Белгилей кетсек, ректордун 2020-жылдын 16-мартындагы №51 буйругуна ылайык окуу процесси убактылуу токтотулуп, он-лайн окутуу формасы колго алынып, каникул учурунда студенттер үчүнн окуу процессин дистанттык уюштуруу маалымат технологияларын колдонуу аркылуу жүргүзүлө  баштады.

  • ЖАМУДА ДЕЗИНФЕКЦИЯЛОО  ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
  • ЖАМУДА ДЕЗИНФЕКЦИЯЛОО  ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
  • ЖАМУДА ДЕЗИНФЕКЦИЯЛОО  ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
  • ЖАМУДА ДЕЗИНФЕКЦИЯЛОО  ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ