AVN







Ч. АЙТМАТОВДУН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА

Ч. АЙТМАТОВДУН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА
 Mar 16, 2020  611

Жалал-Абад колледжинде  бөлүмүнүн  “Чет тилдер жана орус тили” ПЦКнын чет тили окутуучулары тарабынан заманыбыздын залкар жазуучусу  Ч.Т. Айтматовдун  жаркын элесине  арналган иш- чара белгиленип өттү.  

“Педагогика жана социалдык иштер” бөлүмүнүн башчысы Кенжегүл Салибаева жана МТ жана  тарбия иштери боюнча директордун орун басары Низамидин Абдурахимов катышты.

Аталган  бөлүмдүн   “Чет тилдер жана орус тили” ПЦКнын чет тили окутуучулары тарабынан уюштурулуп,  англис тили жана кытай тили адистигинде окуган студенттер  АТк-2-18,  АТк-3-18, АТк-01-19 жана КТк-2-18 тайпалары активдүү катышты.

Студенттер Ч.Айтматовдун өмүр баянын, чыгармаларын жана учкул сөздөрүн кыргыз, орус, англис жана кытай тилдеринде айтып беришти. Өзгөчө,  чыгармаларынан үзүндүлөрдү сахналаштырып жогорку 4 тилде аткарып беришти. Ар бир чыгарма ыр менен коштолду. 
        Иш чаранын  максаты — Ч.Айтматовдун  91 жылдыгына карата анын чыгармаларын  жана учкул сөздөрүн  тил үйрөнүп жатып жашообузда колдоно билүү. Ч.Айтматовдун чыгармалары ата –мекенди  сүйүүгө, патриот болууга чакырат -деп айтты иш- чаранын уюштуруучусу Замира Женалиева.
Иш-чарада берилген тапшырмалар:
1.Баяндама (орус, англис жана кытай тилдеринде)
2.Монолог же сценка; (орус, англис жана кытай тилдеринде)
3. Ыр же бий тапшырмасы. (орус, англис жана кытай тилдеринде)                 

 4.Ч. Айтматовдун чыгармаларынан тартылган сүрөт көргөзмөсү.