AVN







“ЧЕБЕР КОЛДОР”

“ЧЕБЕР КОЛДОР”
 Mar 13, 2020  1075

 Медициналык колледжинде     “2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо  жылына”  жана  “8-март Аялдардын  Эл аралык күнүнө” карата Ад-1-19,  Сд-1-19, Лд-1-19, Фарм-1-19, Фарм-2-19, Фарм-3-19, Фарм-4-19, Лд-1-18, Сд-1-18, Сд-2-18, Ад-1-18, Фарм-1-18, Фарм-2-18, Фарм-3-18, Фарм-4-18 тайпаларынын арасында “Чебер колдор” аталышындагы  көйнөктөр парадынын сынагы болуп өттү. Сынак   студенттердин арасында достук мамилени чыңдоо, карым-катнашын күчөтүү, студенттердин бош убактысын туура, максаттуу  пайдалануу,  ынтымактуулукка, ыймандуулукка, патриоттуулукка тарбиялоо  максатында уюштурулуп  өткөрүлдү. 

 

Конкурсттун программасы:

Ø Кыздардын кол өнөрчүлүгү ( ар түрдүү нерселерден көйнөк даярдоо. Мисалы: салфетка, баклашка, газета, ватман, жылтырак, пакет, обои  ж.б.)

Ø  Жазгы майрамдарга арналып жасалган  көйнөктөрдү мода аркылуу көрсөтүү, сахнада көйнөгүн  чечмелеп берүү

  • Ар түрдүү нерселерден жасалган көйнөктөрдү 1 студент кийет, аны куратору сахнага алып чыгат.

Ар бир тайпадан бирден  кыз катышып, өздөрүнүн таланттарын көрсөтүштү. 

Студенттер даярдаган көйнөктөрүнө “Байчечекей”, “Сирень”, “Кызгалдак”,  “Роза”,  “Тюльпан”, “Гвоздика”  гүлдөрдүн аттарын коюшуп, чечмелеп беришти.

Калыстар тобу ЖАМУнун жаштар комитетинен жана  Жалал-Абад шаарынын  маданият үйүнөн  чакыртылды. “Чебер колдор” сынагында 1-орунду Лд-1-19 тайпасы, 2-орунду Фарм-4-19, Сд-1-18  тайпалары, 3-орунду Фарм-2-19, Ад-1-18, Фарм-3-18 тайпалары, калган тайпалар активдүү катышканы  үчүн деген колледждин дипломдоруна  ээ болушту.

Сынакты медициналык колледжинин тарбия иштер боюнча директордун орун басары Г.Темирбаева жана жаштар комитети тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү.

  • “ЧЕБЕР КОЛДОР”
  • “ЧЕБЕР КОЛДОР”
  • “ЧЕБЕР КОЛДОР”
  • “ЧЕБЕР КОЛДОР”
  • “ЧЕБЕР КОЛДОР”