AVN







ИЛИМИЙ ИЙРИМ ИШТӨӨДӨ

ИЛИМИЙ  ИЙРИМ  ИШТӨӨДӨ
 Mar 13, 2020  704

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинин “Педагогика жана социалдык иштер” бөлүмүнүн “Чет тилдер жана орус тили” ПЦКсында студенттер үчүн “Rainbow” аталышындагы илимий ийрим  иштеп жатат.

 Ийримдин максаты: студенттер англис тилинде сүйлөө, ой-жүгүртүү, жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүү жана студенттердин ортосундагы достукту чыңдоо.

Белгилей кетсек, ийримдин  жетекчиси чет тили окутуучусу Н. Айылчива. “Студенттер алган билимин дагы да өркүндөткүсү жана тез арада, эффективдүү билим алууну кааласа ийримден билим ала алышат. Анда бекер үйрөтүлүп, жаштардын жөндөмдүүлүгүн арттырып келебиз” – дейт жетекчи.