AVN







“СУЛУУЛУК- ДҮЙНӨНҮ САКТАЙТ!”

“СУЛУУЛУК- ДҮЙНӨНҮ  САКТАЙТ!”
 Mar 12, 2020  820

Б.Осмонов атындагы     Жалал-Абад    мамлекеттик  университетинин         Табигый - техникалык   факультетинде   “Сулуулук- дүйнөнү  сактайт”  темасындагы  кыздардын сулуулук сынагы болуп өттү.

   Сынак 8-март   Аялдардын Эл аралык күнүнө   карата   уюштурулуп, ага      факультеттин 1-курсунун  кыздары катышышты.

              Программада конкурсанттардын  саламдашуусу, “Жылдын мыкты бийи-  2020 , катышуучулардын  өздүк  номерлери , “Ким  мыкты   кожейке?”,  музыкалык  коштоолор,  кырдаалдан чыгуу боюнча суроо-жооптор, катышуучулардын  кол өнөрчүлүгү, өздүк журналдардын  кароосу, моделдик  подуимдары  орун алды.

                Калыстар  тобунун төрайымы: ”Annur Edducare”окуу борборунун менеджери, Абдрасулова Жайнагүл ал эми мүчөлөрү  химия кафедрасынын башчысы Арстанбекова Н.Б., биология кафедрасынын башчысы А.А.Токторалиевдер болушту.

Сынактын  катышуучулары өтө активдүүлүктөрүн, мыкты аткаруучулук чеберчиликтерин көрсөтүшүп, ар бири өз кол өнөрчүлүгү  менен тааныштырып, көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун купулуна толушту.

           Сынактын жыйынтыгы менен  ”Сулуу бийкеч “номинациясынын  женүүчүсү география кафедрасынын 1- курсунун студенткасы Асанова  Мадина болду. “Чебер айым “  номинациясына химия  кафедрасынын 1- курсунун студенткасы Кенжаева Мехрубону; өзгөчө  жөнөкөйлүгү  жана  таланттуулугу, кыргыздын  улуттук каада-салттарын даңазалоо менен калыстар тобунун купулуна толгон Х-1-19 тайпасынын студенткасы Талантбек кызы  Акдана “ Таланттуу айым “ номинациясын , о.э жеңүүчү деп табылды, аларга 1-2-3- даражадагы дипломдор жана белектер менен сыйланышты.  

  • “СУЛУУЛУК- ДҮЙНӨНҮ  САКТАЙТ!”
  • “СУЛУУЛУК- ДҮЙНӨНҮ  САКТАЙТ!”
  • “СУЛУУЛУК- ДҮЙНӨНҮ  САКТАЙТ!”
  • “СУЛУУЛУК- ДҮЙНӨНҮ  САКТАЙТ!”
  • “СУЛУУЛУК- ДҮЙНӨНҮ  САКТАЙТ!”
  • “СУЛУУЛУК- ДҮЙНӨНҮ  САКТАЙТ!”