AVN







“АСЫЛЗАТ АЙЫМДАР”

“АСЫЛЗАТ АЙЫМДАР”
 Mar 12, 2020  782

Медициналык колледжинин профкому Г.Алимбаева, тарбия иштер боюнча директордун орун басары Г.Темирбаева жана жаштар комитети менен биргеликте таң эрте окутуучуларга музыканын коштоосунда  майрамдык белек тартуулашып, тосуп алышты. 

“2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо  жылына”  жана  “8-март Аялдардын  Эл аралык күнүнө” карата Ад-1-19 жана Сд-1-19 тайпаларынын арасында “Асылзат айымдар” аталышындагы  сынак болуп өттү.

Сынак   студенттердин арасында достук мамилени чыңдоо, карым-катнашын күчөтүү, студенттердин бош убактысын туура, максаттуу  пайдалануу,  ынтымактуулукка, ыймандуулукка, патриоттуулукка тарбиялоо  максатында уюштурулуп өткөрүлдү. 

Сынактын программасы:

Ø Саламдашуу

Ø Команданын атын чечмелөө

Ø Аялзат жөнүндө хор аткаруусу

Ø 8-мартка карата интермедия

Ø Кыргыз бийи

Ø Өздөрүнүн  кесибине жараша 1-жардам көрсөтүү

Ø Салат даярдоо

Ø Эне, апа, аялзат жөнүндө жеке номер

Ø Кыздардын кол өнөрчүлүгү

Ар бир командадан 16 кыз катышып, өздөрүнүн таланттарын көрсөтүштү. Студенттер энелер, апалар, аялзат жөнүндө ырларды жогорку денгээлде аткарышты.  Сынактын жыйынтыгында Сд-1-19 тайпасынан куралган “Кыз Бурак” командасы  1-орунга, Ад-1-19 тайпасынан куралган “Акмөөр” командасы  2-орунга ээ болушту.

Эске салсак, калыстар тобу ЖАМУнун жаштар комитетинен жана  Жалал-Абад шаарынын  маданият үйүнүн  адистеринен түзүлдү.

  • “АСЫЛЗАТ АЙЫМДАР”
  • “АСЫЛЗАТ АЙЫМДАР”
  • “АСЫЛЗАТ АЙЫМДАР”
  • “АСЫЛЗАТ АЙЫМДАР”
  • “АСЫЛЗАТ АЙЫМДАР”
  • “АСЫЛЗАТ АЙЫМДАР”
  • “АСЫЛЗАТ АЙЫМДАР”