AVN







СТУДЕНТ – ОКУТУУЧУ – АТА-ЭНЕ КӨПҮРӨСҮ

СТУДЕНТ – ОКУТУУЧУ – АТА-ЭНЕ КӨПҮРӨСҮ
 Mar 12, 2020  713

Жалал-Абад колледжинин окутуучулары тарабынан 2019-2020-окуу жылында куратордук иш жүргүзүү жана аны ишке ашыруу максатында 2020-жылдын 6-мартында “МЧББ жана социалдык иш” ПЦКсынын “Социалдык иш” багытында даярдалып жаткан СРк-2-18 тайпасынын ата-энелери менен комплекстүү жыйын болуп өттү.

Жыйынга ЖАКтын окуу иштери боюнча директордун орун басары – Маматумаров Абубакир, “Педагогикалык жана социалдык иштер” бөлүмүнүн башчысы - Салибаева Кенжегүл, “МЧББ жана социалдык иш” ПЦКсы Ташматова Айнагуль жана СРк-2-18 тайпасынын студенттеринин жалпы ата-энелер жамааты катышышты.

         Аталган тайпанын куратору Усенов Адилет – тайпанын кышкы сессиясынын жыйынтыгы жана коомдук-маданий, спорттук жетишкендиктери туурасында өзүнүн куратордук презентациясын жасады. Андан соң, “KelBil” мобилдүүлүк тиркемесин колдонуу тууралуу түшүндүрдү жана азыркы учурда актуалдуу маселе болуп жаткан “КОРОНАВИРУС” жана башка жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча түшүндүрмө берди.

ЖАКтын окуу иштери боюнча директордун орун басары – Маматумаров Абубакир сөз сүйлөп төмөнкүлөргө токтолду: Студенттер модул жана экзамендерин АВН программасында тапшырып жатышканын, АВН программасынын өзгөчөлүктөрү, экзамен жана модулдарды тапшыруудагы өзгөрүүлөр, KelBil программасынын пайдалуу жактарын – баса белгиледи.

“Педагогикалык жана социалдык иштер” бөлүмүнүн башчысы – Салибаева Кенжегүл студенттердин катышуусу, жетишүүсү коомдук иштерге активдүү катышкандыгы, студенттердин илимий практикалык конференциясы, олимпиадаларга катышып ийгиликтерди багындырып жаткандарын айтты. “Тарбия башаты үй-бүлөдөн башталат. Андыктан уул-кыздарыңыздарды татыктуу тарбиялагансыздар, мектеп мугалимдери башталгыч билимди жогорку деңгээлде беришкен.Натыйжада колледжде кесиптик билим алууда мыкты жетшикендиктердин ээси болушууда жана биздин профессордук-окутуучулук жамаат мыкты адис катары тарбиялоодо өз салымдарын кошууда” – деген оюн бөлүм башчы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө “Студент – окутуучу – ата-эне көпүрөсү” аттуу тайпадагы көйгөйлөрдү аныктап аны ата-энелер менен бирдикте чечүү жолу талкууга алынды. Жыйынга келген ата-энелерге балдарынын жетишкендиктери жана кемчилдиктерин эске алып тайпанын өнүгүү стратегиясын түзүүнү сунуштап алардан анкета алдым – дейт тайпанын куратору Адилет Усенов.

Соңунда, тайпадагы окууда жана коомдук тарбиялык иштерде өзгөчө айырмаланган 8 студенттин  ата-энесине колледж тарабынан “Ыраазычылык кат” тапшырылды. Ата-энелер окутуучулар жамаатына каалоо тилектерин жана ыраазычылыктарын айтып, окуу жайдын (колледждин) келечеги кең экенин баса белгилешти.

  • СТУДЕНТ – ОКУТУУЧУ – АТА-ЭНЕ КӨПҮРӨСҮ
  • СТУДЕНТ – ОКУТУУЧУ – АТА-ЭНЕ КӨПҮРӨСҮ
  • СТУДЕНТ – ОКУТУУЧУ – АТА-ЭНЕ КӨПҮРӨСҮ
  • СТУДЕНТ – ОКУТУУЧУ – АТА-ЭНЕ КӨПҮРӨСҮ