AVN







БОЛДИНАДАГЫ КҮЗ

БОЛДИНАДАГЫ  КҮЗ
 Nov 21, 2017  899

ЖАМУнун Медициналык колледжинде  21-ноябрь күнү улуу орус жазуучусу А.С. Пушкиндин чыгармачылыгына арналып, “Болдинадагы күз” аталыштагы иш-чара болуп өттү. Аны колледждин жалпы жамааты уюштуруп, студенттердин катышуусунда болду.

Анда А. Пушкиндин чыгармаларын айтып, ырларын окуу менен анын ырларынан эргүү алып сүрөт тартышты. 

Медициналык  колледждин директору Азизбү Адышева сөзгө чыгып, бүгүнкү иш-чарага катышкан тарбыялануучулар өтө таланттуу экенине күбө болуп отурабыз. Силер бизди Пушкиндин заманына алып барып келдиңиздер.  Ушунчалык берилгендик менен аткаргандыктан трагедиялуу чыгармаларда көзүбүзгө жаш айланган да учурлар болду. Бул деген сиздердин чын жүрөктөн аткарып, маданиятка да кайдыгер карабастан катылган таланттарыңарды чыгаргандан кабар берди. Бир эле ак халат кийип, ийне сайганды гана билбестен чоң талантка да ээ экениңер байкалды – деген оюн айтты.

Иш-чаранын соңунда мыкты студенттерге громаталар тапшырылды.