AVN







“КЕРЕКТӨӨЧҮ ӨЗ УКУГУҢДУ БИЛ”

“КЕРЕКТӨӨЧҮ ӨЗ УКУГУҢДУ  БИЛ”
 Mar 11, 2020  591

Экономикалык-юридикалык факультетинде “Керектөөчү өз укугунду  бил” темасында лекция  адистер тарабынан окулду. Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын негизинде  студенттер арасында түшүндүрүү жана билимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад областтык бөлүмүнүн адистери тарабынан өтүлүп, ага факультеттин  профессордук-окутуучулар жамааты, студенттери менен  биргеликте  катышышты.

Лекцияда Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамы  1997-жылдын 10-декабры № 90 негизинде кабыл алынып, мыйзамга ылайык товарларды сатууда (иш аткарууда, кызмат көрсөтүүдө) керектөөчүлөр менен даярдоочулардын, аткаруучулардын, сатуучулардын ортосунда пайда болуучу мамилелерди жөнгө сала тургандыгы, сапаты жакшы жана керектөөчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуз товарларды (иштерди, кызматтарды) сатып алууга, товарлар (иштер, кызматтар) жөнүндө жана аларды даярдоочулар (аткаруучулар, сатуучулар) жөнүндө маалымат алууга, агартууга алардын таламдарын мамлекет жана коомдук деңгээлде коргоого керектөөчүлөрдүн укуктарын белгилей тургандыгы, ошондой эле ушул укуктарды жүзөгө ашыруу механизмин аныктай тургандыгы  айтылды. Бул мыйзам коомду соодадагы монополиянын түзүлүшүнөн жана өнүгүшүнөн сактайт, ошондой эле кесепетинен адилет жана ак ниет атаандаштык нөлгө теңелип же тоскоолдукка учурай турган мыйзамсыз жана кемсинтүүчү практикага тыюу салган шарттарда атаандаштыкты сүрөйт жана колдой тургандыгы тууралуу кеңири маалымат берилди.

  • “КЕРЕКТӨӨЧҮ ӨЗ УКУГУҢДУ  БИЛ”
  • “КЕРЕКТӨӨЧҮ ӨЗ УКУГУҢДУ  БИЛ”