AVN







ХИМИЯЛЫК ВИКТОРИНА

ХИМИЯЛЫК  ВИКТОРИНА
 Mar 10, 2020  731

Б.Осмонов атындагы  Жалал-Абад  мамлекеттик  университенин Табигый-техникалык факультетинин «Химия» кафедрасынын бардык  тайпаларынын арасында  «Химиялык  викторина»  болуп өттү. 

         Химиялык  викторинанын  максаты: студенттердин профилдик  багыт  боюнча  билим деңгээлин  андан ары  жогорулатуу;  өзүн-өзү баалоосуна  шарт  түзүү,  жоопкерчиликти сезип, команда менен иштей билүүгө үйрөтүү,

аттаандаштыкка туруктуу, компетенттүү   адистерди  даярдоо.

         Жалпысынан викторинага курамында 6 адамдан турган 4 команда катышыщты: алар, 4-курстун студенттеринен түзүлгөн “Максимум”, 3-курстардан түзүлгөн “Алмаз”,2-курстардан түзүлгөн “Ferrum” жана 1-курстардын “Кристалл” командалары. Командалар атайын түзүлгөн программанын негизинде билим таймашына катышып, өз билимдерин баалашты.

         Викторинанын жүрүшүндө башка кафедралардын өкүлдөрүнөн калыстар тобу шайланып, алар  командалардын билим таймашын баалап  турушту.

         Командадагы студенттердин активдүүлүгү, суроо-жоопторго креативдүү ой  жүгүртүү аркылуу  ар тараптуу жоопторду беришкендиги менен   бири-биринен  айырмаланып турушту.

         Калыстар  тобунун  жыйынтыгында  1-орунду  3-курстардын “Алмаз” жана 1-курстардын “Кристалл”  командалары; 2-орунду  4-курстардын “Максимум”  командасы, ал эми 3-орунду 2-курстардан түзүлгөн   “Ferrum” командасы   ээлешти. Жеңүүчүлөр факултеттин деңгээлиндеги 1-2-3- даражадагы дипломдор менен сыйланышты дейт “Химиядык викторинанын” уюштуруучусу кафедранын окутуучусу Молдошева Гулбурак.

  • ХИМИЯЛЫК  ВИКТОРИНА
  • ХИМИЯЛЫК  ВИКТОРИНА
  • ХИМИЯЛЫК  ВИКТОРИНА
  • ХИМИЯЛЫК  ВИКТОРИНА