AVN







МАСЛЕНИЦА

МАСЛЕНИЦА
 Mar 10, 2020  515

Филология факультетинин  «Орус филологиясы» кафедрасы Жалал-Абад шаарынын жашоочулары менен биргеликте байыркы славян элинин «Масленица» майрамын ѳткѳрүштү. Иш-чара Жалал-Абад шаарынын Барпы Алыкулов атындагы драм театрынын аянтчасында орун алып,  Жалал-Абад шаарынын “Славян диаспорасы” ассоциациясынын тѳрагасы Виктор Малюженко тарабынан уюшулду.

        Ачылышына жергиликүү бийлик өкүлдөрү жана Ош шаарындагы  Россия Федерациясынын Генералдык консулу Роман Викторович Свистин келди. Коноктор  “Масленица” майрамы менен катышуучуларды куттуктап, аруу тилектерин билдиришти.

       Майрамдын уюштуруучулары тарабынан кѳрүүчүлѳр үчүн чоң концерттик программа даярдалган. ЖАМУнун студенттери “Кадриль” бийин, Майлуу-Суу шаарынын “Хорошее настроение” ансабли “Ромашки” бийин, Жалал-Абад шаарынын №1 мектебинин окуучулары “Красные сапожки”,  Раатбек Санатбаев атындагы №9 мектебинин окуучулары “Кыргыз бийин” бийлешти. Ангелина “Масленица, да ты красавица”  аттуу ырын ырдады.

Келген коноктор жана катышуучулар  уюштуруучулар тарабынан даярдалдалган каймак аралашкан куймактардан жана башка орус элинин улуттук тамак аштарынан даам татышты.  

Орус филологиясынан билим алып жаткан жаштар тилди гана үйрөнүү менен чектелбей, славян элинин маданиятын, салт-санаасын да өздөршүрүүгө тийиш дейт алалган кафедрасынын башчысы Айчүрөк Калмурзаева.

  • МАСЛЕНИЦА
  • МАСЛЕНИЦА
  • МАСЛЕНИЦА