AVN







АК КАЛПАК: ТЫНЧТЫКТЫН, ЖАРКЫН ТУРМУШТУН СИМВОЛУ

АК КАЛПАК: ТЫНЧТЫКТЫН, ЖАРКЫН ТУРМУШТУН СИМВОЛУ
 Mar 9, 2020  728

 

Калпак кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн  көрөңгөсү. Кыргыз барда кыргызымдын желеги кылымдардан кылымдарга улансын.

Медициналык колледжинде  4-март күнү окутуучулар жана студенттер арасында 5-март Ак калпак күнүнө жана 3-март Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусунун  күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара  медициналык колледжинин тарбия иштери боюнча директордун орун  басары Г.И.Темирбаева жана жаштар комитети тарабынан уюшулду. Студенттерди Кыргызстандын символикаларын билүүгө, улуттук баш кийим ак калпакты урматтоого, Мекенди сүйүүгө,  патриоттуулукка, ынтымактуулукка, бири-бирин сыйлоого  тарбиялоо максатында уюштурулуп өткөрүлдү. Студенттер активдүү катышышты.

 Темирбаева Гүлнар өз сөзүндө: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги кызыл түстө. Анын ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдө кырк нур болуп чачыраган күнгө окшош тегерек жайгаштырылган. Күндөй тегеректин ичинде Кыргыз боз үйүнүн түндүгү кызыл түстө берилген. Желектин туурасы анын узундугунун бештен үч бөлүгүн түзөт. Жаркыраган тегеректин диаметри желектин туурасынын бештен үч бөлүгүн түзөт. Күн жана нур чачыраган дискалардын диаметрлеринин салыштырмалуулуугу бештен үч бөлүгүнө барабар. Түндүктүн диаметри жаркыраган төгөрөктүн диаметринин жарымын түзөт.Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк - үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт.Түндүк өлкөдө жашап жаткан элдердин биримдигинин символу, желектин кызыл түсү айкөл Манастын туусунун түсү болгон. Ар бир өлкөнүн өз доорунун желеги болот. Биздин желегибиз абдан кооз. Желектеги белгилер элибиздин улуттук руханий дүйнө таанымынан жана басып өткөн тарыхый жолунан жаралып келип чыккан символдор. Бул символдордун мамлекеттик желекте айкалышта чагылып турушу - дөөлөттүн көөнөрбөстүгүн, ыйыктыгын, элибиздин өткөндү унутпай, келечекке ишенимдүү кадам койгондугун айгинелеп турат.Авторлору: Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков.1992-жылы 3- мартта республиканын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Кыргызстандын символикаларыны ар бир кыргыз жарааны урматтап, сыйлоо керек.

МКнин жаштар комитетинин төрагасы Кубанычбек уулу Нуртилек өз сөзүндө: Калпак - кыргыздын улуттук  эркек баш кийими. Көбүнчө ак кийизден жасалгандыктан, ак калпак деп аталат. Ал алгач агыш (боз) кызгылт түстөгү кылчык, кийин ак уяң жүндөн жасалган. Бышык басылгын кийизден төбөсү бийик, этеги тегерек бычылып, оймо-чийме түшүрүлбөй, төбөсүнө чок чыгарылбай, астарсыз, бир гана тигиш менен бириктирилип, ошол жери маңдай жагы деген. Бара-бара бычымы менен формасы өркүндөтүлүп, көркөмдөлө баштаган. Калпак – бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйыгы. Анын касиетин аны кийип жүргөндөр сезе алышат. Бул байыркы баш кийимди кийген адам илгерки бабаларынын тарыхына тамырлашып, калайык калкынын тагдырына бекем байланат. Калпак - кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү. Ата-бабадан кастарланып келе жаткан асыл мүлк. Кыргыз эли эл болуп тузүлгөндөн бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын, улуу күндүн символу, ыйык белгиси катары кастарлап, сүр тутуп, сөөлөт санап, көрк катары маанилүү шаң -салтанатка кийип жүргөндүгү жалпы дүйнө элине белгилүү. Кыргыз өмүрү 40-35 кылымга созулса, кыргыз калпагынын өмүрү да дал ошондой, узак уламалуу  санжыра экени баарыбызга маалым. Улуттук баш кийимди дайыма сыйлап, баркташыбыз керек деп жигиттерди патриоттуулукка чакырды.

Кыргыз калпагынын символикалары

Калпактын төбөсүндөгү кайчы сызык (кошуу формасындагы ):
1. Күндүн аян белгиси.
2. Өмүрдүн, тиричиликтин, жалпы жашоонун символу.
Б) Төбөсүндөгү топ чачы:
1. Тукумдун, тамыры тереңге жайылуунун аян белгиси.
2. Тынчтыктын, жаркын турмуштун, токпейил жашоонун символу.

 

  • АК КАЛПАК: ТЫНЧТЫКТЫН, ЖАРКЫН ТУРМУШТУН СИМВОЛУ
  • АК КАЛПАК: ТЫНЧТЫКТЫН, ЖАРКЫН ТУРМУШТУН СИМВОЛУ
  • АК КАЛПАК: ТЫНЧТЫКТЫН, ЖАРКЫН ТУРМУШТУН СИМВОЛУ
  • АК КАЛПАК: ТЫНЧТЫКТЫН, ЖАРКЫН ТУРМУШТУН СИМВОЛУ
  • АК КАЛПАК: ТЫНЧТЫКТЫН, ЖАРКЫН ТУРМУШТУН СИМВОЛУ