AVN







ПЕДАГОГДОР АК КАЛПАК КҮНҮН БЕЛГИЛЕШТИ

ПЕДАГОГДОР АК КАЛПАК КҮНҮН БЕЛГИЛЕШТИ
 Mar 7, 2020  677

Жалал-Абад колледжинин «Педагогикалык жана социалдык иштер» бөлүмүнүн “МЧББ жана социалдык иш” ПЦКсынын социалдык иш багытынын СРк-2-18 тайпасында куратордук ачык саат өттү.

Ачык сабак Кыргызстан боюнча белгиленген  “5-март Ак калпак” күнүнө арналды. Ачык сабактын жүрүшүндө кыргыздын улуттук баш кийими – “Ак калпак” тууралуу слайд жасалып видео баяндамалар коюлду.

Кыргыз калпагы – бул жашоо тиричиликке ыңгайлуу, жайкысын күндөн сактаса, кышкысын сууктан коргогон  ыйык баш кийим – деп толуктады СРк-2-18 тайпанынын куратору Адилет Усенов.

Куратордук ачык саатка «Педагогикалык жана социалдык иштер» бөлүмүнүн башчысы Салибаева Кенжегүл  жана ошол эле ПЦКнын окутуучулары катышышты.

  • ПЕДАГОГДОР АК КАЛПАК КҮНҮН БЕЛГИЛЕШТИ
  • ПЕДАГОГДОР АК КАЛПАК КҮНҮН БЕЛГИЛЕШТИ
  • ПЕДАГОГДОР АК КАЛПАК КҮНҮН БЕЛГИЛЕШТИ