AVN







“АЙЫМДАР - ӨМҮРДҮН ГҮЛҮ, ЖАЗДЫН ЖАРЧЫСЫ”

“АЙЫМДАР - ӨМҮРДҮН ГҮЛҮ, ЖАЗДЫН  ЖАРЧЫСЫ”
 Mar 7, 2020  810

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономикалык-юридикалык факультетинин “Экономика,эсеп жана каржы” кафедрасынын  “Финансы жана кредит”профилдин студенттери 8-март аялдардын Эл аралык майрамына карата факультеттин деңгээлинде “Айымдар - өмүрдүн гүлү, жаздын жарчысы” деген аталыштагы майрамдык адабий-музыкалык иш-чара өткөрүштү.

Иш чарага ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору А.Д.Доранова, факультеттеги 3 адистиктин бүтүрүүчү курстарынын  студенттеринин апалары чакырылган.

Иш–чараны факультеттин деканы, э.и.д.,профессор А.К.Аскарова ачып, сөз сүйлөп, факультеттин эжекелерин, студенттерди  жана мыкты окуган  студенттердин апаларын майрамы менен куттуктады  жана мыкты окуган студенттерге Ардак  грамоталарды, апаларга Ыраазычылык каттарды, даярдалган белектерди тапшырды.  Андан соң студенттер чакан концерттик программа тартуулашып, факультеттин эжекелерине арналган ыр саптарын окушуп, открытка, гүл менен куттукташты.

Майрам тайпа кураторлору э.и.к.А.Т.Мамыралиева жана окутуучу Н.Ражабалиеванын жетекчилиги алдында даярдалган. “Экономика, эсеп жана каржы” кафедрасынын башчысы э.и.д профессор А.Зулпукаров сөз сүйлөп эжекелерди, апаларды студент кыздарды, жалпы эле аялзатын  куттуктап каалоо тилектерди айтуу менен иш-чараны  жыйынтыктады.

  • “АЙЫМДАР - ӨМҮРДҮН ГҮЛҮ, ЖАЗДЫН  ЖАРЧЫСЫ”
  • “АЙЫМДАР - ӨМҮРДҮН ГҮЛҮ, ЖАЗДЫН  ЖАРЧЫСЫ”
  • “АЙЫМДАР - ӨМҮРДҮН ГҮЛҮ, ЖАЗДЫН  ЖАРЧЫСЫ”
  • “АЙЫМДАР - ӨМҮРДҮН ГҮЛҮ, ЖАЗДЫН  ЖАРЧЫСЫ”
  • “АЙЫМДАР - ӨМҮРДҮН ГҮЛҮ, ЖАЗДЫН  ЖАРЧЫСЫ”