AVN







ҮЙ-БҮЛӨНҮ САКТАП КАЛУУНУН СЫРЛАРЫ

ҮЙ-БҮЛӨНҮ САКТАП КАЛУУНУН СЫРЛАРЫ
 Nov 21, 2017  1118

ЖАМУнун медициналык колледжинде 20-ноябрда “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата “Үй-бүлө жана нике” темасында конференция болду. Ал Адеп башаты коомдук фонду  менен биргеликте уюшулган.

Жалал-Абад облусттук Адеп башаты коомдук фондунун төрагасы Абыл уулу Давиддин айтымында, учурда жаштар арасында ажырашуулар көп катталууда. Мунун себептери ар түрдүү, бири балалуу боло албай эки ажырым жолго түсө, бири түшүнбөстүктөн ажырашууда. Ал эми айрымдары башка бирөөлөрдүн жашоосуна аралашкандыгы үчүн ажырашып кетүүдө. Өтө өкүнүчтүүсү жаш балдар тирүүлөй жетим калып, мээримге зар болуп өсүүдө. Мээримсиз адамдар көп болсо, коомдо кылмыштуулук көбөйүп, жагымсыз  окялар көп катталат. Андыктан ар бир эркек жана аял чоң турмушка аттанганда жоопкерчикти күчөтүп, кайдыгерликтен алыс болуу бүгүнкү күндүн талабы.