AVN







ЖАМУДАН МЕКТЕПТЕРГЕ ЖАРДАМ

ЖАМУДАН МЕКТЕПТЕРГЕ ЖАРДАМ
 Mar 7, 2020  638

Конфуций институту Мичурин атындагы №9 орто мектебинде Аймакты өнүктүрүүгө, өлкөнү санариптештирүүгө жана балдарды колдоого аракеттер...Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институту азыркы учурда Сузак районунун Мичурин атындагы №9 орто мектебинде кытай тили окутуу пункутун ачып, тыгыз кызматташып келе жатат. Аталган мектепке Жалал-Абад мамлекеттик университети менен Конфуций институтунун жетекчилиги “2020-жыл – региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” боюнча КРнын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында материалдык-техникалык колдоо көрсөтүү максатында барышты.

Иш-чараны мектеп директору Акматова Батма Жакыпбековна ачып, мектептин окуу ишмердүүлүгү боюнча маалымат айтып, мектеп окуучуларынын ар тараптуу инсан болуп калыптанышына мектеп жамааты, райондук билим берүү жетекчилиги колдон келген шарттарды түзүп берип жаткандыгын белгилеп өттү.

Салтанатка Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Усенов да катышып, кытай-кыргыз алакаларынын билим берүүдөгү ордун, коңшу өлкөнүн достук мамилесинин таасирлерине токтолду.  

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, т.и.д., профессор К.Ж.Усенов сөз сүйлөп, КРнын Президентинин региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо боюнча жүргүзүп жаткан иштерин колдоп, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнө, Мичурин атындагы №9 орто мектебине компьютер топтомун принтер ж.б. материалдык-техникалык жана моралдык колдоо көрсөттү.

Конфуций институтунун жетекчилиги аймактагы окуучулардын кытай тилин окууга болгон каалоолорун эске алып, дагы да шарттарды, мүмкүнчүлуктөрдү түзө бере тургандыгын айтышты.

Иш-чарада кытай тили ийриминин катышуучуларынын ырлары, бийлери жаңырып турду.

Белгилей кетсек, аталган мектепте жалпы 1800дөн ашуун окуучу билим алса, аларга 90го жакын мугалим билим берет.

  • ЖАМУДАН МЕКТЕПТЕРГЕ ЖАРДАМ
  • ЖАМУДАН МЕКТЕПТЕРГЕ ЖАРДАМ
  • ЖАМУДАН МЕКТЕПТЕРГЕ ЖАРДАМ
  • ЖАМУДАН МЕКТЕПТЕРГЕ ЖАРДАМ
  • ЖАМУДАН МЕКТЕПТЕРГЕ ЖАРДАМ
  • ЖАМУДАН МЕКТЕПТЕРГЕ ЖАРДАМ
  • ЖАМУДАН МЕКТЕПТЕРГЕ ЖАРДАМ
  • ЖАМУДАН МЕКТЕПТЕРГЕ ЖАРДАМ
  • ЖАМУДАН МЕКТЕПТЕРГЕ ЖАРДАМ