AVN







КУТТУКТОО!

КУТТУКТОО!
 Mar 6, 2020  4319

8-март аялдардын Эл аралык майрамына  карата Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович жалпы аялзатына ден соолук, аруулук, аманчылык тилеп, куттуктоо жолдоду.

Урматтуу кесиптештер Сиздерди, эң жарык маанайлуу майрам болгон Аялдардын эл аралык күнү – 8-март майрамыңыздар менен чын ниетимден куттуктайм!

Жаз менен кошо кирип келген ушул күнү адамзаттын татынакай бөлүгү, көркү болгон аялзатын даңктап, урматтап, көңүлүбүздөн чыккан эң жагымдуу сөздөрүбүздү арнап келебиз.

Жарыкчылыкта эненикине теңдеш мээрим болбойт, ошондуктан оболу бардык энелерге башымды ийип таазим этем.

Аял заты, эне – баарынан ыйык, жашоонун башаты, үйдүн куту, очок ээси. Энеге болгон урмат-сый турмуштун маңызын арттырып, жашообузду көрккө бөлөп турат. Эненин мээрими аркылуу жашоодо тынчтык жана бакыт өкүм сүрөт. Сиздер — үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын кутусуздар, ар бирибиздин жүрөгүбүздө, ар бир үй-бүлөдө, коомубузда жылуу сезим, жакшы маанай, ийгиликтин жаратманысыздар.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жалпы 1000ден ашык кызматкер эмгектенсе, анын 600гө жакыны  айымдар. Жаштарга билим берип, илим жаатында алгылыктуу иштерди аткаруудасыздар, узап кеткен жыл ичинде 4  эжеке илимдин кандидаттыгын ийгиликтүү жакташты. Биздин окуу жайдын айымдары эркектер менен тең катар илим жолунда ийгиликтерди жаратып, университеттин илимий-патенциалын көтөрүүдөсүздөр. Ар бириңиздердин эмгегиңиздер бааланууда жана коомдо өз ордуңуздар бар.

Ардактуу кесиптештер!

Бүгүн сиздер үчүн өзгөчө күн. Өлкөдөгү тынчтык, жакындардын амандыгы, үй-бүлөдөгү бакыбаттык - сиздерге улуу белек. Сиздер күн сайын белек алууга, урмат-сыйга бөлөнүүгө татыктуусуздар.

Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин, жаркын маанай, жакшылыктарды каалайм! Баарыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр тилейм! Майрамыңыздар кут болсун!