AVN







ТИЛ – ДҮЙНӨГӨ КӨПҮРӨ

ТИЛ – ДҮЙНӨГӨ КӨПҮРӨ
 Mar 4, 2020  653

Конфуций институтунда сертификаттар тапшырылды, Кытайда стажировкадан өтүп келген студенттер ой бөлүштү...

“Туулганда эле билимдүү боло калган жокмун, байыркы маданиятты сүйүп үйрөндүм, аны шыктануу менен окуй баштадым, жигерлене акыл издедим жана акырында илим-билимге ээ болдум”, -  деген Конфуцийдин терең философиялуу сөздөрү менен башталган бул иш-чара илим-билимди, тил үйрөнүүнү даңазалаган мүнөздө болуп, 03.02.20. күнү ЖАМУнун Конфуций институтунда өткөрүлдү.

         Салтанатты Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору,профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович өзү ачып,  окуу жайдын студенттеринин Конфуций институтунда түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланып, тил үйрөнүп, чет өлкөлөрдөн билимдерин өркүндөтүп келип жатканына кубанганын билдирди.

         Институттун кытай тараптан директору Синьцязн университетинин профессору Ляо Чэнгмэй бүгүнкү күндө институттун окуучулары жоопкерчилик менен сабактарга катышып, кытай тилин терең үйрөнүүгө аракет кылып жатышканын айтты. Тил аркылуу дүйнө тынчтыгын чогуу сактоого боло тургандыгын баса белгиледи.

Институттун кыргыз директору, фил. илимдеринин кандидаты, доцент М.Шакирова тил адамга дүйнө кыдырып, бийиктерге учууга канат сыяктуу кызмат кылып берерин айтып, студенттерди, окуучуларды тил үйрөнүүдө чыдамкайлыкка, туруктуулукка, зиректикке, тырышчаактыкка чакырды. Окуу жайдын өзүнөн, бир нече пунктуларынан (Сузак, Базар-Коргон райондорунан, Көк-Жаңгак, Жалал-Абад шаарынан) келген мыкты окуучуларды белгилеп, кытай тилин мыкты өздөштүрүп жаткандыгын күбөлөндүргөн сертификаттарды тапшырды.

         Иш-чаранын негизги бөлүгү болуп Конфуций институту аркылуу Кытай Эл Республикасынын барып окуп келген студенттердин көргөзмөлүү отчеттук презентациясы болду. Алар Л.Бахрамов М.Бакытбекова (Циндао шаарындагы Циндао университети жөнүндө) Н.Абылкасымов З.Жунусова (Шанхай шаарындагы Шанхай университети жөнүндө), А.Абдыкайымова (Ханчжоу шаарындагы Чжэцзян университети жөнүндө) кытай тили боюнча стажировкада болгон окуу окуу жайлардагы таасирлер –андагы өткөрүлгөн иш-чаралар, башка мамлекеттерден келип билим алып жатышкан студенттер, кытай элинин жашоо мүнөзү, алардын башка улуттун уул-кыздарына болгон жылуу мамилеси, жеринин жаратылышы,  ж.б. тууралуу айтып беришти.

Иш-чара кыргыз-кытай ыр-бийлери, кунфу өнөрү менен коштолуп турду.

  • ТИЛ – ДҮЙНӨГӨ КӨПҮРӨ
  • ТИЛ – ДҮЙНӨГӨ КӨПҮРӨ
  • ТИЛ – ДҮЙНӨГӨ КӨПҮРӨ
  • ТИЛ – ДҮЙНӨГӨ КӨПҮРӨ
  • ТИЛ – ДҮЙНӨГӨ КӨПҮРӨ
  • ТИЛ – ДҮЙНӨГӨ КӨПҮРӨ
  • ТИЛ – ДҮЙНӨГӨ КӨПҮРӨ
  • ТИЛ – ДҮЙНӨГӨ КӨПҮРӨ
  • ТИЛ – ДҮЙНӨГӨ КӨПҮРӨ
  • ТИЛ – ДҮЙНӨГӨ КӨПҮРӨ
  • ТИЛ – ДҮЙНӨГӨ КӨПҮРӨ