AVN







ИНФЕКЦИЯНЫ ЖУГУЗУУ МЕХАНИЗМИ

ИНФЕКЦИЯНЫ ЖУГУЗУУ МЕХАНИЗМИ
 Mar 4, 2020  769

Табигый-техникалык факультетинин “Биология” кафедрасында “Коронавирус илдетинен сактан  аттуу аталыштагы  иш-чара болуп өттү.

Мындай маалыматты аталган кафедранын кафедра башчысы б.и.к., доцент А.Токторалиев билдирди.

Анын айтымында Биология кафедрасында өткөрүлгөн “Иш-чарага   биология,  электро энергетика жана механика, география  адистигинин 1-2-3 курсунун студенттери жана профессордук-окутуучулар курамы катышты. Биология адистигинде билим берип жаткан  профессордук-окутуучулар курамы “Коронавирус оорусу жана алардын алдын алуу”, “Инфекцияны жугузуу механизми” деген темадагы баяндамалар окулуп,  студенттер арасында “Коронавирустун жугуу жолдору”, “Статистикалык маалыматтар” жана “Коронавирустан кантип сактануу керек”,  деген темада презентация жасашты. Бул иш-чараны Биология кафедрасынын улук окутуучусу а.ч.и.к.,  Б. Жээнбекованын уюштуруусу менен өткөрүлдү  дейт  ал.

            Коронавирус менен ооруган алгачкы адам 1965-жылы каттоого алынган. ХХ кылымда аталган вирус адамдарда жана жаныбарларда курч респиратордук оорулардын козгогучу катары белгилүү болгон. Бирок өтө  кооптуу инфекциялардын катарына кирген эмес.  2000-жылдары коронавирустун SARS-Cov жана MERS-Cov  деген түрлөрү жайылып, адам өмүрүнө коркунуч жарата баштаган. Ал эми жаңы типтеги 2019- nCov коронавирусу.Учурда актуалдуу көйгөйлөрдүн бири.  Ал узаган жылдын декабрь  айнын этегинде Кытайдын Ухань  шаарында тараганын жана бул илдет  деңиз азыктарынан келип чыкканын белгилеп. Дарттын дабасы табыла элек жана башка өлкөлөргө да тарап жаткандыгын улук окутуучу Д.Д.Курманбекова токтолуп өттү.

  • ИНФЕКЦИЯНЫ ЖУГУЗУУ МЕХАНИЗМИ
  • ИНФЕКЦИЯНЫ ЖУГУЗУУ МЕХАНИЗМИ
  • ИНФЕКЦИЯНЫ ЖУГУЗУУ МЕХАНИЗМИ