AVN







КААРМАНДЫКТЫН БЕЛГИСИН КАМТЫГАН ТУУБУЗ 28 ЖАШТА

КААРМАНДЫКТЫН  БЕЛГИСИН КАМТЫГАН ТУУБУЗ 28 ЖАШТА
 Mar 3, 2020  663

Бекмамат Осмонов атындагы  ЖАМУнун Педагогика жана маалымат технологиялары  факультетинде тарыхый  күндөргө арналган иш чара болуп өттү.

Байыркы түптүү кыргыз эли өз мамлекеттүүлүгүн жана элдүүлүгүн сактоо менен өз башынан эчендеген оор сыноолорду кечирип, бизге эн башкы байлыгыбызды – мамлекеттүүлүктү мурас кылып калтырып кетти.

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Ошол күндөн тартып Мамлекетибиздин башкы символикасы катары майрамдалып келе жатат. Мамлекетибиздин туусу кызыл түстө, ал кыргыз элинин байыркы элдерден экендигин айгинелеп турат. Айкөл Манас бабабыз өз элинин, ата-журтунун эркиндиги үчүн баскынчылар менен кызыл асабанын астында күрөшкөн. Быйыл 28  жыл болду.
Туунун кызыл түсү – акыйкаттыкты, нарк-дөөлөттү жана каармандыкты билгизет. Ал эми нурга бөлөнгөн алтын күн – бейкуттукту жана бак-дөөлөттүн символу болуп  саналат. Ал эми түндүк болсо ата  конуштун, укум-тукумулоонун, Кыргызстандын бардык элдерине жана бүткүл ай-ааламга мээрмандыктын  ыйык  белгиси  экендиги талашсыз.

Ата-бабаларыбыз аздектеп-кастарлап келген ак калпакты башынан түшүрбөй баалап-барктагандар жыл санап өсүп жана арбып барууда. Эске алган кыргыздын нукура улуттук баш кийими жыл сайын  5 - мартта – Ак калпак күнү катары татыктуу белгиленип келе жатат. Ошондуктан, Бекмамат Осмонов атындагы ЖАМУнун Педагогика жана маалымат технологиялары  факультетинде ушул  тарыхый маанилүү күндөргө арналган тарбиялык-иш чара белгиленди.

  • КААРМАНДЫКТЫН  БЕЛГИСИН КАМТЫГАН ТУУБУЗ 28 ЖАШТА