AVN

“Интерактивдүү досканын мүмкүнчүлүктөрүн окуу процессинде колдонуу ”

“Интерактивдүү  досканын мүмкүнчүлүктөрүн окуу процессинде колдонуу ”
 Mar 3, 2020  683

Окуу бөлүмүнүн жана МТ жана КТТ бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ЖАМУнун  факультеттеринде  “Интерактивдүү  досканын мүмкүнчүлүктөрүн окуу процессинде колдонуу ”деген темада семинар өткөрүлүүдө.

Семинар педагогика жана маалымат технологиялар факультетинде уюштурулуп, ага табигый техникалык факультетинин, экономикалык-юридикалык факультетинин жана филология факультетинин декандары, кафедра башчылары бирден окутуучулары менен катышышты.

Заман талабына ылайык окуу процессин эффективдүү жүргүзүү максатында интерактивдүү досканы мультимедиялык курал катары колдонуу жана интерактивдик материалдарды анын бетинде көрсөтүүнү өздөштүрүү боюнча семинардын уюштуруучулары тарабынан маалымат берилди.

Белгилей кетсек, ушул эле семинар медициналык жана педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин декандары, кафедра башчылары бирден окутуучулары үчүн 4-мартта саат 9:00дөн 16:00гө чейин болот.

  • “Интерактивдүү  досканын мүмкүнчүлүктөрүн окуу процессинде колдонуу ”