AVN







ЖЕТЕКЧИЛЕР СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

ЖЕТЕКЧИЛЕР СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
 Nov 16, 2017  1673

ЖАМУнун чоң жыйындар залында 15-ноябрь күнү студенттер менен шаар жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү. Ага  Жалал-Абад шаардык социалдык фондунун башкармалыгынын башчысынын орун басары  жана шаардык ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери катышты. Шаардык мэрия тарабынан башка да жетекчилерге чакыруулар болгон бирок, келишкен жок.

Шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери  Үсөн Жоробаев сөз сүйлөп, ЖАМУнун медицина факультетин жана медицина колледжин бүтүргөн жаштар бизде эмгектенишүүдө. Жаш адистерди колдоп, аларга өз тажрыйбаларыбызды үйрөтүү менен келечекке мыкты адистерди даярдоого өз салымыбызды кошуп келебиз. Келечек жаштардын колунда демекчи азыр да жаш кесипкөй адистерге муктажбыз деген оюн жолугушуу учурунда билдирди.

Бул иш-чаранын максаты жаштарды шаар жетекчилери менен тааныштыруу жана алар башчылар менен жакындан сүйлөшүп кызыккан суроолоруна жооп ала алышты. Белгилей кетсек жолугушуу жаштар жумалыгы иш-чарасынын алкагында  шаардык мэриянын көмөгү менен уюшулуп, ЖАМУнун Жаштар комитети тарабынан студенттер катыштырылды.