AVN







ЮРИСТТЕР ТУУ КҮНҮН БЕЛГИЛЕШТИ

ЮРИСТТЕР ТУУ КҮНҮН БЕЛГИЛЕШТИ
 Mar 3, 2020  731

Экономикалык-юридикалык факультетинин Юриспруденция жана Эл аралык укук багытынын студенттери ошондой эле “Жаш укук коргоочулар” ийриминин мүчөлөрү тарабынан 3-март Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун кабыл алынган күнүн белгилеп, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер тарабынан Ата Мекенди сүйүүгө, патриоттулукка жана мамлекеттик символикаларды сыйлоого арналган тегерек стол өткөрүлүп, илимий баяндамалар жасалды.

Туунун 4 элементине маани берели. Баарыбыз эле: “туу”, “асаба”, “желек”, “байрак” -деген терминдерди көп учурда маанилеш синоним катары колдонулуп келебиз. Ал эми Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын окутуу боюнча жыйнакта академик Аскар Какеев: асаба - кездеме, ал эми туу – таягы- деген. Ошентип, жогорку айтылган пикирлерди жыйынтыктап келип, “туу” термини анын төрт элементин: асабаны, тууну, түпөктү жана асабанын металл учун –желек- деп да берилет. Ал эми “туу”, “байрак” жана “желек” терминдерине токтолсок. Байрак” – кичирээк туу, кээде түпөктү да түшүндүрөт. Ал эми “желек” – туунун кичинекей үлгүсү, кээде асабанын металл капталган учун да түшүндүрөт. Буга “Манас” эпосунда: “Желеги туудан бөлүнбөй, жердин жүзү көрүнбөй. Жер союлуп былкылдап, желеги алтын туу болду”, же “Алтын айчык кызыл туу, асмандата көтөрүп, Аягын жерге сайбасам”- деген сөздөр муну таасын түшүндүрүп турат – деген маалыматтар баяндамаларда айтылды.

  • ЮРИСТТЕР ТУУ КҮНҮН БЕЛГИЛЕШТИ
  • ЮРИСТТЕР ТУУ КҮНҮН БЕЛГИЛЕШТИ
  • ЮРИСТТЕР ТУУ КҮНҮН БЕЛГИЛЕШТИ