AVN







Э. СЕКСЕНБАЕВ МЫКТЫ СПОРТЧУ АТАЛДЫ

Э. СЕКСЕНБАЕВ МЫКТЫ СПОРТЧУ АТАЛДЫ
 Mar 2, 2020  596

“Алыш” күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону, ЖАМУнун студенти Элдияр Сексенбаевди окуу жайдын ректору Кеңешбек Усенов кабыл алып, жеңиши менен куттуктады.

Э. Сексенбаев, “Кыргызстандагы биринчи кыргызча спорттук сайты тарабынан олимпиадалык спорт түрлөрү, олимпиадалык эмес спорт түрлөрү, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында, Мыкты команда, Улуттук спорт, Мыкты спортчу айым, Жыл жаңырыгы  боюнча  “Мыкты спортчу” номинациясына интернет  добуш берүү  жүргүзүлгөн. Жыйынтыгы 27-февраль күнү чыгарылып,  интернет добуш берүү жана эксперттик комиссиянын тандоосу менен улуттук спорттун түрү боюнча 2086 добуш алып жеңүүчү аталдым ” - дейт.

“Сенин ар бир жараткан ийгилигиң жалпы биздин окуу жайдын жетишкени деп сыймыктануу менен кабыл алабыз. Жакында Көчмөндөр оюнуна  катышуу үчүн жолдомо алууга сапар тартуу алдында турасың. Өзүмдүн жана жалпы жамааттын атынан ийгилик каалайм” – деди ректор Кеңешбек Усенов.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылы Көчмөндөр оюну Турция мамлекетинде өткөрүлөт. Улуттук алыш күрөшү боюнча 70 кг салмакта күч сынашмакчы.

  • Э. СЕКСЕНБАЕВ МЫКТЫ СПОРТЧУ АТАЛДЫ
  • Э. СЕКСЕНБАЕВ МЫКТЫ СПОРТЧУ АТАЛДЫ
  • Э. СЕКСЕНБАЕВ МЫКТЫ СПОРТЧУ АТАЛДЫ
  • Э. СЕКСЕНБАЕВ МЫКТЫ СПОРТЧУ АТАЛДЫ