AVN







ТЕСТТИК ТАПШЫРМАЛАРЫН ТҮЗҮҮ МЕТОДИКАСЫ

ТЕСТТИК ТАПШЫРМАЛАРЫН ТҮЗҮҮ МЕТОДИКАСЫ
 Mar 2, 2020  858

Жалал-Абад колледжинде окутуучулар үчүн “Тесттик тапшырмаларын түзүү методикасы” аттуу мастер-класс өтүлдү. Мастер-класс ЖАКтын директору п.и.к., доцент Турдубаева Бариса  жана колледждин окуу-усулдук кеңешинин төрайымы Таштанова Кайринса тарабынан уюштурулган.

 Ал иш-чарага жалпысынан 70тен ашуун окуу жайдын окутуучулары катышты. Тест жана тесттик тапшырмаларын түзүү боюнча окутуучулардын кесиптик компетенцияларынын деңгээлин жогорулатуу максатында өтүлдү.

Мастер-класс учурунда тест жана тесттик тапшырмалар боюнча жалпы маалымат берилди, андан сырткары тесттик тапшырмалардын түрлөрү, формалары жөнүндө ошондой эле тестке жана тесттик тапшырмаларынын жалпы талаптарына токтолуп  өтүштү. 

Анда практикалык бөлүктү өзүнө камтыган топтук иш жүргүзүлдү, окутуучулар топторго бөлүнүп өзүнүн жумушчу программаларындагы темалары боюнча тесттик тапшырмалардын түрлөрү жана тапшырмалардын деңгээлине жараша түзүшүп, үйрөнүштү.

Колледждин директорунун айтымында, мындай иш-чараларды уюштуруу аркылуу окутуучулардын билим берүү сапатын жогорулата алабыз. Ошондой эле студунттердин сапаттуу билим алуусуна багытталууда дейт.

  • ТЕСТТИК ТАПШЫРМАЛАРЫН ТҮЗҮҮ МЕТОДИКАСЫ
  • ТЕСТТИК ТАПШЫРМАЛАРЫН ТҮЗҮҮ МЕТОДИКАСЫ