AVN







АЙТМАТОВГО 90 ЖЫЛ

АЙТМАТОВГО 90 ЖЫЛ
 Nov 15, 2017  12908

Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун көзү тирүү болгондо 2018-жылы 90 жашка толмок. Жазуучунун 90 жылдыгына карата Жалал-Абад мамлекеттик университети тарабынан 21-ноябрдан 12-декабрга чейин  бир айлык иш-чара жарыяланды.

Бир айлыктын алкагында студенттерге “Манас жана Айтматов” темасында сабактар өткөрүлөт, “Менин кумирим” – эсселер сынагы, “Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу” жана китеп көргөзмө жана башка бир катар иш-чаралар болот.