AVN







АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН 72 АРДАГЕРИ ......

АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН  72 АРДАГЕРИ ......
 Feb 27, 2020  611

Медицина  факультетинин “Морфологиялык дисциплиналар” кафедрасынын  окутуучулары :Абдуманапов Нурсултан жана Ибрагимова Айтолкун  Лдк-2-4-19 тайпаларына  АТФнын  чон  залында  23- февраль «Ата-Мекенди  коргоочулар»  күнүнө карата майрамдык иш чара  өтүштү.Анда тарбиялык маанидеги  презентациялар  жана студенттер даярдаган  чакан  концерттик программа болду.
 Студенттер Ооган согушу боюнча сахналаштырылган  ролдорду аткарышты жана спорттук  машыгуулардын түрлөрүн  көрсөтүштү. Чолпонбай Түлөбердиев немецтик фашисттик баскынчылардын ажал окторун чыгарып жаткан дзотторун өз денелери менен жаап тоскон көрүнүштөрүн жана  өмүрлөрүн кыюу менен көрсөткөн өзгөчө эрдиктерин баалап, көркөм окууларды аткарышты. 

Абдуманапов  Нурсултан , бүгүнкү күндө биздин катарыбызда Улуу Ата Мекендик согуштун 72 кадырман ардагерлери, оруктун  98 кадырман ардагерлери жана 1091 Ооган согушунунун ардагерлери бар. Өсүп келе жаткан жаш муундарды Мекенди сүйүүгө жана патриоттуулукка тарбиялоодогу алардын басып өткөн эрдикке бай даңктуу өмүр жолдору, акыл-насааттары жана кеп-кеңештери алтынга тете десек жаңылбайбыз.

Жаштарыбыз үчүн силердин басып өткөн даңктуу жолуңар тарых барагында алтын тамгалар менен жазылып, ар дайым өрнөк болуп кала берет.Биз бүгүн жыл сайын катарлары азайып бараткан Улуу Ата Мекендик согуштун жана оруктун ардагерлерин Мекенди коргоочулар күнү менен чын дилден куттуктап, алардын Мекенди коргоодогу улуу эрдиктерине башыбызды ийип, ар дайым таазим этебиз - дейт.

  • АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН  72 АРДАГЕРИ ......