AVN







“БИЗ СЫЙМЫКТАНГАН ЖООКЕРЛЕР”

“БИЗ СЫЙМЫКТАНГАН ЖООКЕРЛЕР”
 Feb 27, 2020  649

Медициналык колледжинде    “Биз сыймыктанган жоокерлер”  деп аталган  салтанаттуу  иш-чара  уюштурулду. Аталган иш-чара  жаштарды адептүүлүккө, маданияттуулукка  жана ыйманга тарбиялоо, улууну урматтоого, кичүүнү сыйлоого үйрөтүү,  патриоттуулукка, мекенди эли жерин сүйүүгө тарбиялоо максатында өткөрүлгөн.

 Иш-чара  Ооган  Республикасынан Советтик аскерлерди алып чыгуусунун  31  жылдыгына жана Ата Мекенди коргоо күнүнө  карата уюштурулган. Салтанаттуу иш-чарага  Ооган согушунун ардагерлери,  ЖАМУнун  окутуучусу М. Мамытов жана Укук, бизнес жана билим берүү академиясынын окутуучусу К.А Сабировтор  жана “Фармация” адистигинин 1-курсттарынын  студенттери  катышышты. Ооган ардагерлерине арналып студенттер тарабынан концерттик программа жана белектер тартууланды.

                                                 Ким күнөөлүү мына ушунун баарына?

                                                  Калган беле жараткандын каарына?

                                                 Канчалаган күлгүн курак жоокерлер

             Жетпей калды максатына, жарына - деп акындар

ыр жазгандай, канчалаган эр азаматтар согуш майданында өз жандарын курман кылышты.

Ооган согушу 1979-жылдын 25-декабрында башталып, 1989-жылдын 15-февралына чейин созулган. Ооганстандагы жарандык согушта өзүнүн интернационалдык милдетин аткаруу үчүн тогуз жыл бою кан кечип, согушуп келген советтик  жоокерлердин   бул өлкөдөн чыгарылгандыгына ушул жылдын 15-февралында 31 жыл толду. Кыргызстандын миңдеген жоокерлери да азап чегишкен.

Мекенди баскынчылардан  коргоодо, миңдеген кыргыз элинин баатырлары, элдин бейпил турмушу, тынчтыгы, азыркы биздин жыргал жашообуз үчүн, өзүнүн керт башы эмес, элди, жерди, мекенди ойлоп биз сыймыктанган жоокерлер согуш майданында кызмат өтөп келишкен. Мына ошол алаамат согушка катышкан жоокерлерибиздин жүрөгүндө кара так калтырып, ал эми окко учуп, мезгилсиз оо дүйнөгө сапар тарткан эр азаматтарыбыздын энелеринин жүрөгүндө айыккыс дартка айланган Ооган согушун азыркы жаштар кандай кабылдайт?. Ооган согушкерлери тууралуу жаштар чындыгында көп биле беришпейт. Алар согуш тууралуу эмнелерди билет деген ойдо студенттер арасында иш-чара жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү – дейт директордун тарбия иштери боюнча орун басары Гулнара Темирбаева.

  • “БИЗ СЫЙМЫКТАНГАН ЖООКЕРЛЕР”
  • “БИЗ СЫЙМЫКТАНГАН ЖООКЕРЛЕР”