AVN







ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНИН СТУДЕНТ БАЛДАРЫ СЫЙЛАНДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНИН СТУДЕНТ БАЛДАРЫ СЫЙЛАНДЫ
 Feb 27, 2020  783

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад  колледжинде, “15-февраль Советтик Аскерлердин Ооган Республикасынан чыгарылган күнүнө ” карата “Мектепке чейинки билим берүү жана социалдык иш” ПЦКсы тарабынан Ооган ардагерлери менен жолугушуу уюштурулду.

Жолугушууда студенттерге  ардагерлер баштарынан өткөргөн күндөрүн айтып, жаштарды мекенди сүйүүгө, эмгексилдикке жана татыктуу билим алып, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн кызмат кылууга үндөштү.

Студенттер Ооган согушунун ардагерлерине өздөрүн кызыктырган суроолорун беришип, каалоо тилектерин айтышты.

Ошондой эле, колледждин эмгек жамааты  23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата   окууда  жетишкендиктери жана коомдук иштерде өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн студент балдарга ыраачылык билдирилип  “Ардак громата” менен сыйланышты.

Жалал-Абад колледжинин директору Бариса Турдубаева, “Биздин студенттер ийгилик жаратса, ал жалпы эле колледждин ийгилиги катары кабыл алабыз. Бүтүндөй университеттин атын чыгарып, айрым студенттер окууда, спортто ийгиликтерди  жаратууда. Силер биздин сыймыгыбыз, келечегибизсиңер, Баарыңардын окууларыңарга жетишкендик каалайм!” – деген тилегин билдирди.  

  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНИН СТУДЕНТ БАЛДАРЫ СЫЙЛАНДЫ
  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНИН СТУДЕНТ БАЛДАРЫ СЫЙЛАНДЫ
  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНИН СТУДЕНТ БАЛДАРЫ СЫЙЛАНДЫ
  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНИН СТУДЕНТ БАЛДАРЫ СЫЙЛАНДЫ
  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНИН СТУДЕНТ БАЛДАРЫ СЫЙЛАНДЫ