AVN







КВАЛИФИКАЦИЯ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКАНЫН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

КВАЛИФИКАЦИЯ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКАНЫН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
 Feb 27, 2020  514

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогика жана маалымат технологиялары факультетинин профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын «Социалдык иш» багытында окуган СКк-1-16 тайпасынын квалификация алдындагы практикасынын конференциясы болуп өттү.

Конференцияга университеттин Өндүрүштүк практика бөлүмүнүн башчысы Н.С. Жолдошалиева, кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жана СКк-1-16 тайпасынын студенттери катышты.

Кафедранын практика боюнча жооптуу окутуучусу Ы.М. Кожоназарова СКк-1-16 тайпасына квалификация алдындагы практиканын программасы боюнча маалымат берип, практикага керектелүүчү докумменттер менен студенттерди камсыздады.

СКк-1-16 тайпасында жалпы 13 студент окуйт, алар Жалал-Абад шаардык мэриясында, Жалал-Абад шаардык социалдык фонд,  Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарында, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүндө жана Сузак райондук социалдык фонд башкармалыгында 2-марттан 28-мартка чейин квалификация алдындагы практикасын өтөшөт.

  • КВАЛИФИКАЦИЯ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКАНЫН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • КВАЛИФИКАЦИЯ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКАНЫН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ