AVN







БААТЫРЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ

БААТЫРЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ
 Feb 25, 2020  632

Табигый техникалык факультетинин “География” кафедрасынын окутуучулары жана Г-1-17 тайпасынын студенттери менен биргеликте 23-февраль “Ата-Мекенди коргоо” күнүнө карата “Баатырларды эскерүү” аттуу тарбиялык иш-чара уюштурушту.

Майрамдык күнгө карата  студент Айдана Мамбетова, байыртан бабаларыбыз сактап келген ыйык мекенибизди көздүн карегиндей сактап, кийинки муунга мурас катары калтыруубуз зарыл. Алакандай жер үчүн аталарыбыз кан-жанын аябай согушуп, бизге жай турумуш тартуулашкан. Андыктан талыкпай билим алып, мекенибиз үчүн каруубузду казык, каныбызды азык кылып, өнүккөн өлкөлөргө айландыралы деген сөздөр камтылган баяндама жасады.

  Ар бирибиз Ата-Мекендин жүгүн татыктуу аркалап, анын өсүп-өнүгүшүнө салым кошолу”-деген тилегин Г-1-17 тайпасынын куратору А.Ж.Керимбекова билдирип, иш-чара жыйынтыкталды.

  • БААТЫРЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ
  • БААТЫРЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ