AVN







ЖАМУДА ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТТҮ

ЖАМУДА  ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ  ӨТТҮ
 Feb 25, 2020  841

Б. Осмонов  атындагы  Жалал-Абад  мамлекеттик  университетинин эмгек жамааты  “Иш берүүчү-2020 “ аталышындагы иш-чаранын алкагында  жумуш берүүчүлөр  менен  жолугушуу  өткөрдү.

Эл аралык   көз  карандысыз   аккредатациялык  коммисиянын  (НААР)  талабына  ылайык:

-окуу  программаларын  талкуулоо ;

-бүтүрүүчүлөрдүн  моделин  түзүү;

-күтүлүүчү   натыйжалар ;

- жумуш берүүчүлөрдүн суроо- талаптарын  угуу;

ж.б. ушул  сыяктуу   маселелер күн  тартибине коюлуп, талкууланды.

Жолугушуунун  расмий  бөлүгүн  Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад  мамлекеттик университенин  ректору   тех. и. доктору.,профессор.,Усенов К. Ж.    ачып берип, жаштардын келечегине  кайдыгер карабай   келип, катышып  жаткан  жумуш  берүүчүлөргө  ыраазычылык    билдирди.  “Окуу жай  замандын агымы менен жаш адистерди даярдап, өлкөнүн социалдык-экономикасынын жана коомдун өнүгүүсүнө салым кошуп келет. Биздин бүтүрүүчүлөр өлкөнүн бардык аймактарында жана дүйнөнүн туш тарабында алган билиминин негизинде  эмгектенишүүдө. Кесипкөй адистерди даярдоо максатында окуу жайда материалдык-техникалык база чыңдалып, шарттар түзүлгөн” – деди ректор.

Белгилей кетсек, бүтүрүүчүлөрдү  жумуш менен камсыздоо максатында ар жылы бир нече ирээт иш берүүчүлөр менен жолугушуу уюштурулат. Жолугушууда иш берүүчүлөрдүн ой-пикирин угуп,  адистерге коюлган талаптары  эске алынат.

       Жолугушуунун  калган бөлүгү  жогорку  айтылган  күн  тартибиндеги  маселелер      талкууланды  студенттер тарабынан түзүлгөн  концерттик  чакан программа  жана  тегерек столдо чай үстүндө  баарлашуу менен  ишке  ашырылды.

  • ЖАМУДА  ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ  ӨТТҮ
  • ЖАМУДА  ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ  ӨТТҮ
  • ЖАМУДА  ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ  ӨТТҮ
  • ЖАМУДА  ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ  ӨТТҮ
  • ЖАМУДА  ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ  ӨТТҮ
  • ЖАМУДА  ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ  ӨТТҮ