AVN







МЕН СҮЙГӨН КЕСИП

МЕН СҮЙГӨН  КЕСИП
 Feb 24, 2020  836

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасынын профессордук окутуучулар курамы жана студенттери менен биргеликте, Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун 2020-жылды "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптеширүү жана балдарды колдоо жылынын" алкагында тегерек стол уюштурулду.

Тегерек стол “Мен сүйгөн кесип” деп аталып, ага факультеттин деканы ф.и.к.,доцент Р.Шамшиев, улук окутуучу Б.Раева, окутуучу Ы.Батырова жана ИЭТк-1-16, ИЭТк-1-17, ИЭТ-1-18, ИЭТ-1-19 тайпалары катышты. Иш-чарада катышуучулар, түрдүү робототехника мисалында техникалардын макетин жасап, өз чыгармачылыктарын көрсөтүшкөн. Мыкты макет жана IT технология багытында мыкты слайддын ээлерине факультеттин деңгээлиндеги диплом алышты.

Тегерек столдун алкагында п.и.к.,доцент С.М.Ажыкулов сөз сүйлөп, "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптеширүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыялангандыктан ар бир мекеме, иш кана, өз салымыбызды кошуубуз зарыл деген ойду билдирди.

         Кафедра башчы бул иш чараны уюштуруубуздун негизги максаты, студенттердин өз кесибине болгон кызыгуусун арттыруу, келечектеги жасалуучу ой максаттарына түрткү болуусуна себепкер болсун деп уюштурдук. Мындай иш чаралар окуу жылында дагы уланат деп токтолушту.

  • МЕН СҮЙГӨН  КЕСИП
  • МЕН СҮЙГӨН  КЕСИП
  • МЕН СҮЙГӨН  КЕСИП
  • МЕН СҮЙГӨН  КЕСИП
  • МЕН СҮЙГӨН  КЕСИП
  • МЕН СҮЙГӨН  КЕСИП
  • МЕН СҮЙГӨН  КЕСИП
  • МЕН СҮЙГӨН  КЕСИП