AVN







МЕКЕНДИ КОРГОО АР БИР АДАМДЫН МИЛДЕТИ

МЕКЕНДИ КОРГОО АР БИР АДАМДЫН МИЛДЕТИ
 Feb 24, 2020  4656

Медицина факультетинин “Морфологиялык дисциплиналар” кафедрасынын окутуучусу Халматов Жамалидин “Мекенди коргоо ар бир адамдын милдети”- деген темада, ЛДк-3-19 тайпасына куратордук саат өттү. Анда темага байланыштуу тарбиялык маанидеги  видеороликтер, слайддар, презентациялар болду.
Белгилей кетсек, 2003-жылдан тарта бул күн календарда кызыл дата болуп, эс алуу күнү катары белгиленип келет. Кыргыз өкмөтү атайын токтом кабыл алып жаш өсүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоо максатында 23-февраль Ата- Мекенди коргоочулардын күнү деп жарыялаган.
Коомчулукта мекенди жалгыз эле аскерлер коргошу керек деген түшүнүк эскиргенин, ар бир адам Мекенди сүйүүгө, коргоп, колдоого тийиш экенин айткандар жок эмес. Чет жакка чыгып кетүүгө аракет кылган мекендештер арбын. Менимче муну трагедия кылуунун кереги жок. Анткени, сыртка кеткен адам мекендин, ата-эненин, бир туугандын кадырын жакшы түшүнөт. Көз карашы өзгөрөт, эң башкысы - ал туулган жердин баркына жетет. Мекенге кызмат кылуу - өзүн өзү табуу, белгилүү бир бийиктикке жетүү. Ошондуктан, өзү бийиктикке жеткен адам гана мекенине, жакындарына кызмат кыла алат. Куру кыйкырык менен мекенге кызматкыла албайбыз – дешет ачык сааттын катышуучулары.

  • МЕКЕНДИ КОРГОО АР БИР АДАМДЫН МИЛДЕТИ
  • МЕКЕНДИ КОРГОО АР БИР АДАМДЫН МИЛДЕТИ
  • МЕКЕНДИ КОРГОО АР БИР АДАМДЫН МИЛДЕТИ
  • МЕКЕНДИ КОРГОО АР БИР АДАМДЫН МИЛДЕТИ