AVN







АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТҮН АЛКАГЫНДА 3 СТУДЕНТ ТАЖРЫЙБА АЛМАШТЫ

АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТҮН АЛКАГЫНДА 3 СТУДЕНТ ТАЖРЫЙБА АЛМАШТЫ
 Feb 24, 2020  662

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинен академиялык мобилдүүлүктүн алкагында 3 окутуучу тажрыйба алмашып  кетишти.

Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Азимканованын айтымында, Ош декларациясынын алкагында ички мобилдүүлүк программасы боюнча 2019-2020-окуу жылынын 17-февралдан 20-февралга (4 күн) чейин ОшМУнун “Дүйнөлүк тилдер жана маданият” факультетинин төмөнкүдө көрсөтүлгөн окутуучулар Б. Осмонов атындагы ЖАМУда тажрыйба алмашып кетишти

Аты-жөнү

Кызматы

Кафедрасы

1

СабирбаеваЗулайка

улук окутуучу

Англис тилинин практикалык курсу

2

Ниязова ЖыпарДүйшөевна

улук окутуучу

Англис тилинин практикалык курсу

3

Бекматова Жыпара Тулебаевна

улук окутуучу

Англис тилинин практикалык курсу

 

Иш сапардын максаты: тилдик эмес жана тилдик факультеттердин студенттерине окутуунун заманбап технологияларын колдонуу жана өркүндөтүүнүн алкагында тажрыйба алмашуу. Ошондой эле филология факультетинин адистиктер боюнча жумушчу программалар жана силлабустар түзүлүшү менен тажрыйба алмашуу.

Филология факультетинин факультеттер аралык чет тил кафедрасы, англис тил жана адабият кафедрасынын окутуучулары  ОшМУдан келген коноктор менен сабактарды жаңы усулдар менен өтүү боюнча пикир алмашышты, факультеттердеги адистиктер боюнча кесипке багыттап колдонулуучу адабияттар жөнүндө ой бөлүшүштү. ОшМУнун окутуучулары ЖАМУда практикалык сабактарга катышышты жана өздөрүнүн даярдап келген жумушчу планына ылайык мастер класс сабактарды өтүштү.

  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТҮН АЛКАГЫНДА 3 СТУДЕНТ ТАЖРЫЙБА АЛМАШТЫ
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТҮН АЛКАГЫНДА 3 СТУДЕНТ ТАЖРЫЙБА АЛМАШТЫ
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТҮН АЛКАГЫНДА 3 СТУДЕНТ ТАЖРЫЙБА АЛМАШТЫ